БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 5-ноябрда, Улуттук банк "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы жез-никель жана күмүштөн жасалган коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, монеталар "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы", "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" деген аталышта.
Коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.
Күмүш монетанын баасы — 2650 сом, жез-никелдики — 380 сом. Күмүш монеталардын тиражы бир миң даана болсо, жез-никелдики — беш миң даана.
"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө "Кыргыз кумурасы/ Kyrgyz vase" жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген", — деп айтылат маалыматта.
Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргызстандын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу бар. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).
"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу Орхон-Енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы "Сырга/Earring", салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргызстандын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).
Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.
Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.
Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.
Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.
Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.
Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.
Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.
Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.
Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.
"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.
Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын, Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек — Будапешт — Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.
Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.
Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.
Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жакынкы аралыкта жергиликтүү ишкерлер өзүнүн продукциясын Wildberries онлайн платформасына чыгара алышат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынан билдиришти.
Аталган ишкана ата мекендик бизнести логистика жана товарларды маркалоо боюнча иш алып барат.
Учурда жиберилген товардын кайда экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган нерселерди — айырмалоочу белгилерди (штрих-код) тесттен өткөрүү жана бекитүү иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, "Кыргыз почтасы" аталган процесс ишке киргенден кийин Кыргызстандагы бардык окуу борборлорунда Wildberries онлайн платформасы менен тааныштырган курстарды уюштурууга даяр. Аталган окуу борборлору Ош жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында жайгашкан.Жакынкы күндөрү "Кыргыз почтасы" Wildberries онлайн платформасына жергиликтүү бизнестин киришин камсыздаган долбоордун башталышы жана маалымдоо курстарынын графиги боюнча кошумча билдирмекчи.
Эске салсак, 2021-жылдын январынан тарта өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртуу жана жергиликтүү ишкерлерге жардам берүү максатында "Кыргыз почтасы" "Россия почтасы" менен биргеликте Wildberries кызматын кошуп, аталган платформага жеткиликтүүлүктү камсыздоо иштерин жасап келе жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.