Ортомчулар көмүрдүн наркын көтөрүп жибердиби? Бааны ким көзөмөлдөйт?

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиПродажа угля в Нарынской области
Продажа угля в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундары көмүрдүн наркы кымбаттап жатканын айтууда. Азыркы тапта Бишкекте жергиликтүү эле Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4000 сомго чыгып кеткен. Sputnik Кыргызстан агенттиги кара алтындын баасын кайсы орган качан көзөмөлгө аларын тактады.

Кыш келе элек жатып көмүрдүн баасы жылдагыдан кымбат сатылып жатат. Сырттан алып келинген көмүр эмес, Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы Бишкек шаарында 4000 сомго көтөрүлүп кеткенин калаа тургундары айтып нааразы болууда.

"Мурдагы жылдары 4000 сомго Казакстандын жакшы күйгөн Кара-Жыра көмүрүн алчубуз. Жол тайгак дегидей азыр кар деле жаай элек, ортомчулар болсо Кара-Кече көмүрүнүн баасын 4000 сомго көтөрүп жиберди. Өзүбүздөн чыккан Кара-Кече ушунча кымбат болуп жатат, анан Казакстандыкы мындан да жогору сатылат да. Казакстандыкы болсо дээрлик жок экен. Кимге, кайда барып даттанышты билбейсиң", — деди калаа тургуну Асылбек Мейманов.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Кышка даярдык: Бишкек ТЭЦине 304 миң тонна көмүр жеткирилди
"Кыргызкөмүр" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Марат Орозбаев көмүрдүн баасын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги гана көзөмөлдөй аларын айтты.

"Жыл сайын Кара-Кеченин өзүнөн көмүрдүн бир тоннасы 1300 сомдон чыгат. Жайы-кышы баа ушундай, өзгөрбөйт. Ал жерден жеке ишкерлер, менчик ишканалар жүк ташуучу унаалар менен Бишкек шаарына алып келип сатышат. Алар кеткен чыгымын эсептеп туруп, бааны өздөрү коёт. Ортомчулар кандай нарк менен сатарын биз көзөмөлгө албайбыз, укугубуз жок", — деди Орозбеков.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын өкүлү билдиргендей, быйылкы кышка жергиликтүү көмүр жетиштүү.

"Биздин ишкананын карьеринде азыр 50 миң тонна бар. Андан сырткары, 300 миң тонна кара алтын ачылган, жүктөөгө даяр", — деди Орозбеков.

Көмүрдүн баасын көзөмөлдөө укугу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде да жок экен. Өкмөттүн атайын токтому чыкмайынча агенттик жеке ишкерлерге эч кандай чара көрө албай турганын мекеменин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагындык Маматоморов айтты.

Специалист по энергосбережению Жаныбек Кулумбетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Адис Кыргызстандагы сапаттуу көмүр кайда казыларын айтты
"Бааны көмүр ташыган жеке ишкерлер коёт. Эгер чектен ашып, аябай эле кымбаттатып жатса, анда өкмөт атайын токтом чыгарат. Ошол документке таянуу менен гана биз баарын текшерип, бир баа коёбуз. 2017-жылы бир айдын ичинде көмүрдүн наркы 20 пайызга көтөрүлүп кеткен. Ошондо бааны көзөмөлгө алуу боюнча өкмөттүн атайын токтому чыгып, анан биз жөнгө салганбыз. Азыркы тапта нарк аябай деле жогорулап кеткен жок. Көмүр кымбаттап кетпесин деп облустардагы базаларга барып сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деди Маматоморов.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамына ылайык, көмүр саткан ар бир түйүндө тараза жана баа жазылган такта илинип турушу керек экен. Эгер бул нерселер жок болсо, керектөөчүлөрдүн укугу тебеленип жатса, эл Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 56-31-97 телефонуна чала алат.

Статистика боюнча

Калаа тургундары кара алтындын баасы кымбаттап жатат десе, Улуттук статистика комитети 24-октябрдан 31-октябрга чейин өлкөдө көмүрдүн орточо баасы бир тонна үчүн 1 сом 48 тыйынга төмөндөгөнүн маалымдаган. Бул жумада көмүр Кербенде 9,3 пайызга, Баткенде 3,1 пайызга жана Таласта 4,2 пайызга жогорулаган.

Кыргызстандын шаарларындагы көмүрдүн орточо баасы
Ортомчулар көмүрдүн наркын көтөрүп жибердиби? Бааны ким көзөмөлдөйт? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларындагы көмүрдүн орточо баасы

Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлардын даректери:

Ленин району

  • "Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №1а;
  • "Торг-Синтез" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №59а;
  • Мурманск көчөсү, 18б;
  • Мурманск көчөсү, 259
  • Дэн-Сяопин көчөсү, "Акун" ишканасынын тушу;
  • Гагарин көчөсү, 67;
  • Гагарин көчөсү, 86;
  • Барикадный туюк көчө, 2;
  • Саранск туюк көчө, 2;
  • Пушкин көчөсү, 182.

Биринчи Май району

  • Дэн-Сяопин көчөсү, 451;
  • Месароша көчөсү, 100;
  • Кайназаров — Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Щербаков көчөсү, 121.

Свердлов району

  • Фере — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Достоевский көчөсү, 1;
  • Орозбеков — Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Келечек жаңы конушу (мектептин жанында);
  • Ак-Бата жаңы конушу (жаңы конушка кире берген жер, айланма трассанын бою).

Октябрь району

  • "Торго-Синтез" ишканасы, Төкөлдөш жаңы конушу;
  • Көмүр сатылган жайлардын даректери "Кыргызкөмүр" ишканасынан алынды.

Эгер кардарлардын суроолору болсо турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 0312 57 63 80; 0312 57 74 81 телефон номерлерине чалууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0