КРде продукциясы импорттук товарлардын ордун баса турган ишканалар ачылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүГипсокартон чыгаруучу завод. Архив
Гипсокартон чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасынын айтымында, бир катар ири долбоорлорду каржылоо менен импорттук товарлардын көлөмүн азайтууга болот.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда продукциясы импорттук товарлардын ордун баса турган ишканалар ачылып, кээ бирлери эми иштөө алдында турат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев журналисттерге билдирди.

Ал бир катар ири долбоорлор жана ишканалар тууралуу айтып берген.

"Учурда тетрапакетке куюлган сокторду чыгарган завод иштеп жатат. Жакында анын расмий ачылышы болот", — деди Асрандиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Вьетнамдан келген импорт экспорттон ашып кетти
Ал ошондой эле Жалал-Абадда гипсокартон өндүрүшүн кеңейтүү үчүн насыя берилгенин кошумчалады. Бул товар Кыргызстанга көбүнчө Казакстандан келет.

Дагы бир жаңы ишкана алкоголсуз суусундуктарды чыгарат. Бул товар дагы Кыргызстанга көбүнчө Казакстандан кирет.

Мындан сырткары, айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканалардын кээ бири ишке киргени жатса, дагы бири иштеп жатат. Андагы товарлардын бир бөлүгү экспортко кетмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0