Наабайчылар нанды кымбаттатууга аргасыз болууда. Өкмөт эмне дейт

Жазылуу
Нандын кымбатташы ар бир кишини тынчсыздандырат. Бактыга жараша, Кыргызстанда бул азыктын баасы бир калыпта кармалып турат. Бирок азыркы кырдаалдын кымбаттоого алып барчудай түрү бар. Тагыраак айтсак, бир жылдын ичинде ундун баасы 18,4 пайызга жогорулап кетти.

Өкмөт өткөн айда ундун наркы көтөрүлүп бара жатканын айтты. Мисалы, 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча биринчи сорттогу ундун килограммы 23,7 сом болсо, 2019-жылдын ушул мезгилинде баа 28,1 сомду түздү. Ал эми ноябрдын алгачкы аптасында Бишкек шаарында 30 сомдон жогору сатыла баштады

Мындан улам наабайчылар нандын баасын көтөрүүгө муктаж болуп жатканын "Бишкек-Нан" ишканасынан билдиришти.

"Бишкекте эң өтүмдүүсү — биринчи сорттогу ундан жасалган ак нан.  Азыр аны дүңүнөн 14 сомдон берип жатабыз. Бул мурдагы баасына бир сом кошулду дегенди түшүндүрөт. Бирок бул дагы жетишсиз, пайда көрүү үчүн бааны дагы 3-4 сомго көтөрүүгө туура келип жатат. Анткени ундун килограммына 6-8 сом кошулду. Ошондо 50 килограммдык бир кап ун 300 сомго кымбаттады", — деди ишкана өкүлү.

Кымбаттоонун себеби 

Кыргызстандын негизги буудай экспортеру — Казакстан.  КРдин Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ундун баасына дал ошол Казакстандагы буудайдын кымбатташы таасир этүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жылына Кыргызстанга сырттан 150 миң тоннага жакын буудай, 60 миң тоннадай ун кирет. Мунун басымдуу бөлүгү Казакстандан алынат.

Сбор урожая в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Картошканы эптей албай жатканда... Коңшулар экспорт боюнча дүйнө лидери болушту
Коңшу өлкөнүн ЖМКлары айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаровдун сөзүнө таянып жазганына караганда, быйыл аба ырайынын катаал шартынан улам түшүм 3 миллион тоннага аз болуп калган. Тагыраагы, мурдагы жылдары  20 миллион тоннага жакын буудай алган коңшулар бул жылы араң 17 миллион тонна жыйнашты.

Казакстанда буудайдын кымбатташына көлөмдүн азайышы гана эмес, сырьенун сапатынын начарлашы дагы себеп болгонун Кыргызстандын Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов
Наабайчылар нанды кымбаттатууга аргасыз болууда. Өкмөт эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов
"Буудай сатып алуу үчүн Казакстанды толугу менен кыдырып келдим. Быйыл Костанай, Торгай аймактарында күн абдан ысып, ал эми Атбасар, Карагандада, тескерисинче, так эгин чабылаарда жаан-чачын болуп, дан жакшы бышпай калган. Андай буудайдын унунун сапаты начарлап кетет. Нан бышырганда сырты кызарганы менен ичи чийки бойдон калат. Буудайдан ун өзү дагы аз чыгат. Ошондуктан коңшулардын сапаттуу буудайы аз болуп, баасы көтөрүлүп кетти", — деп түшүндүрдү Кудайкулов.

Анын айтымында, азыр Казакстанда унга жарамдуу буудайдын килограммы кыргыз акчасы менен 16 сомдун тегереги болуп жатат.  Ал эми ташып келүү үчүн килограммына 2 сомдун тегерегинде акча кетет. Андан тышкары, 12 пайыздык кошумча нарк салыгы бар. Ошондо кыргыз тегирмендерине жеткиче буудайдын баасы 18 сомдон ашып кетүүдө.

Канткенде арзандайт?

Ундун баасын арзандатуу үчүн Тегирменчилер комитети өкмөткө буудайды импорттоодо кошумча нарк салыгын 50 пайызга төмөндөтүп же такыр эле алып салуу сунушу менен кайрылганын айтат. 

"Бизге мамлекеттик колдоо керек. Эгер ундун баасын төмөндөтөбүз десек, анда буудайды импорттоодо алынган кошумча нарк салыгын убактылуу 50 пайызга түшүрүп же такыр эле алып салуу керек. Анткени ишкерлер буудайды коңшу өлкөдөн алып келип жатканда 12 пайыздык салыкты төлөп жатат. Бул дагы баага бир топ таасир этет. Өкмөт биздин сунушка макул болсо, абдан жакшы болмок. Анда Казакстан товарын бир аз кымбаттатып койгон күндө дагы, ал Кыргызстандагы баага таасир этпей калмак", — деди комитет мүчөсү Кудайкулов.

Ошондой эле ал Россиядан дагы сапаттуу буудай алсак болорун айтат. Бирок жол алыс болгондуктан, транспорт чыгымдары бир топ акча болуп кетерин белгилейт.

Өкмөт эмне дейт?

Ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноябрдын башында ун дагы кымбаттады
Кошумча нарк салыгын убактылуу азайтып же алып салууга болор-болбосун билүү үчүн Экономика министрлигине кайрылганыбызда, Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев ал үчүн терең анализ жүргүзүлүп, бир топ талаптар аткарылышы зарыл экенин айтты.

"Жакында эле бардык региондорду кыдырып, ундун баасы менен тааныштык. Жергиликтүү ундун бир кабына 150-300 сомго чейин, Казакстандыкына 400 сомго чейин акча кошулуптур. Бул 16 пайыздын тегерегиндеги кымбаттоо. Өкмөттүн токтому боюнча нан, ун жана буудайдын наркы бир айдын ичинде сатылып жаткан баасынан 20 пайызга же андан жогору кымбаттаса гана чаралар көрүлөт", — деди жетекчи. 

Коңшуларда абал кандай?

Дүйнө жүзүндөгү ири буудай экспорттоочулардын ондугуна кирген  Казакстанда (2017-2018-жылдары 9 миллион тоннадай  буудай саткан — ред.) быйыл  эгиндин аз болуп калышы бизге гана эмес, башка коңшуларга дагы таасир этти. Мисалы, биз сыяктуу эле казак буудайына көз каранды болгон Өзбекстанда бөлкө 40 пайызга кымбаттап, 1500 сумга жетти (11 сом). Ал эми Казакстандын өзүнүн айрым жерлеринде бир бөлкө жети теңгеге кымбаттап, 87 теңге болду (15 сомдун тегереги).

Ундун баасын ким көзөмөлдөйт?

Адатта ар кайсы товарларга болгон бааны Монополияны жөнгө салуу агенттиги жөнгө салып турат. Бирок ундун баасын аталган агенттик көзөмөлдөй албасын ведомствонун жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов Sputnik радиосунун эфиринен айтып берген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМонополияны жөнгө салуу агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов
Наабайчылар нанды кымбаттатууга аргасыз болууда. Өкмөт эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов
"Анткени буудай чет жактан импорттолот. Бирок бизде социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу боюнча өкмөттүн токтому бар. Ага ылайык, нан, ун жана буудайдын наркы бир айдын ичинде сатылып жаткан баасынан 20 пайызга же андан жогору кымбаттаса, дароо мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул учурда Каржы полициясы, Салык кызматы жана Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тийиштүү чараларды көрүп, 90 күнгө ундун жана буудайдын баасын өлкө аймагы боюнча бирдей кылып бекитип берет", — деди адис.

Ал кошумчалагандай, үч ай аралыгында баалар жогорулап кетсе, анда ишкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылып, 10-15 миң сомдун тегерегинде айып пул төлөйт.

Кыргызстан канча буудай өндүрөт

Член комитета мельников Кубанычбек Кудайкулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кудайкулов: буудайдын кошумча нарк салыгы алынса ун арзандайт
Айыл чарба министрлигинин билдиргенине караганда, Кыргызстанда жылына факт түрүндө тамак-ашка 890 миң тонна буудай керектелет. Ал эми 2019-жылы өндүрүлгөн буудайдын көлөмү 636,6 миң тоннаны түздү.

Адистердин айтымында, бул көлөм өз муктаждыгыбызды жаба албайт. Анткени Кыргызстандын буудайынын унга жарамдуулугу төмөнүрөөк болгондуктан аны башка максаттарда, мисалы, малга тоют катары дагы колдонушат. Ал эми ун салдырарда башка жактан келген буудай менен аралаштырып коюшат. Андыктан, коңшу өлкөдөн кошумча дан алууга мажбурбуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0