Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Жээнбеков донорлордун көмөгү менен ишке ашкан долбоорлорду санап берди

127
(жаңыланган 16:01 19.11.2019)
Кыргызстан көз карандысыздыгын алган жылдан бери өнөктөштөрдүн жардамы менен ири долбоорлор ишке ашырылган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу форумда өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдардын жардамы менен өлкөдө ишке ашырылган долбоорлорду санап өттү.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери өнөктөштөрдүн көмөгү менен ири долбоорлор ишке ашырылган.

"Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ири инфраструктуралык долбоорлорду колдонууга бердик. Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташуунун негизинде энергетика, жолдорду куруу, инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке киргизилди. Эл аралык валюта фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча арбын көмөк көрсөттү", — деди ал.

Жээнбеков, андан сырткары, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө баа жеткис салымын кошконун белгиледи. Учурда билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана экология маселелери боюнча региондордо иш алып барып жатканын кошумчалады.

"Таза суу жана ирригация долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдар аркылуу ишке ашырылууда. Эки тараптуу негизде Россия, Кытай, Түркия, Европа мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт жана башка өлкөлөр менен иш алып баруудабыз", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бүгүнкү форумда өлкөнү өнүктүрүү үчүн жакынкы келечекте кайсы багыттарга артыкчылык берилери тууралуу сүйлөшүү болорун айтты. Андан сырткары, өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

127
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, өнөктөштөр, донор, долбоорлор
Тема боюнча
Жээнбеков ТИМге экологиялык дипломатияны күчөтүү тапшырмасын койду
Жаңы идеяларды күтөбүз. Жээнбеков өлкө жаштарын куттуктады
Доллар акчасына тартылган Жордж Вашингтонго кийилген бет кап. Архивдик сүрөт

Кыргызстан чет өлкөлүк донорлордон дагы 429 млн. доллар күтүп жатат

38
Кыргыз өкмөтү пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432,8 миң доллар алууга макулдашкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан жакынкы күндөрү чет өлкөлүк донорлордон 429 миллион 704,6 миң доллар алууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн COVID-19га каршы күрөшүү максатында тартылган каражаттар тууралуу 4-декабрга карата берген маалыматында жазылган

Кыргыз өкмөтү пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432,8 миң доллар алууга макулдашкан. Анын ичинен 597,4 миллиону кредит, 173,5 миллиону грант түрүндө берилмекчи.

Бүгүнкү күндө аталган сумманын 345 миллион 142,7 миң доллары өлкөгө келип түшкөн. Калган 429,7 миллион доллары жакынкы күндөрү которулары күтүлүп жатат.

38
Белгилер:
донор, грант, кредит, жардам, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

57
(жаңыланган 10:19 05.12.2020)
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

57
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

0
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

0
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди