Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү

© REUTERS / Arnd Wiegmann / File PhotoСлитки Argor-Heraeus SA в южном швейцарском городе Мендризио
Слитки Argor-Heraeus SA в южном швейцарском городе Мендризио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасынын наркы 1-ноябрга карата дээрлик 48,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.

Туура бир жыл мурда бул көрсөткүч 27,6 миллиард сом болчу.

Производство цветных металлов в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктагы алтын көбөйүп, көлөмү рекорд койду
Негизинен алтындын запасы акыркы жылдары тездик менен көбөйө баштады. Мисалы, 2017-жылы февралда 11,8 миллиард сомду түзүп, кийин ай сайын жаңы рекорддор жаралып келди.

Акыркы ирет эң жогорку баа ушул жылдын июль айында катталып, 41,6 миллиард сомго жеткен.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0