БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери кире тургандыктан автоунаа сатып алууну каалаган жеке тараптар темир тулпарын эки жол менен каттата аларын билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жылдан кийин күчүнө кире турган бажылык жол-жоболоштуруу Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин бардыгында бир калыпка келтирген.
2020-жылдын 1-январынан тарта жеке муктаждыгы үчүн чет жактан автоунаа сатып алууну каалаган тараптар аны жеңилдетилген жана жалпы тартипте каттата алат.
Мисалы, 2014-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 2500 куб сантиметр, баасы 10 миң евро болгон Тoyota Camry автоунаасын бажылык жол-жоболоштуруу төмөнкүдөй болот.
Жеңилдетилген тартипте:
Бирдиктүү бажы төлөмү жана ар бир куб сантиметр үчүн 5 евро төлөө керек. Эсептей келгенде, 2500х5 евро, жыйынтыгында 12500 еврону түзөт.
Жалпы тартипте:
Бажы салыгы 20 пайыз, бирок ар бир куб сантиметри үчүн 0,44 евродон кем төлөнбөйт. Эсептей келгенде, бажы салыгы 10 000х20 пайыз=2000 евро.
Кошумча нарк салыгы (10000+2000)х12 пайыз=1440 евро. Жыйынтыгында 2000+1440=3400 евро болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январынан тарта автоунааларды бажылык жол-жоболоштуруунун наркы бир кыйла жогорулайт. Эгер жаңы жылдан кийин машина сатып алууну пландап, бирок канча акча кетерин билбей жатсаңыз, Sputnik агенттиги даярдаган калькуляторду пайдаланыңыз.