Абылгазиев өлкөдөн 139 млрд. доллар чыгарылганын айтты. Улуттук банк эмне дейт

© пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын билдирүүсүнөн жаңылыштык кетип, ага маалымат катчысы жана Улуттук банк тастыктоо киргизди.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстандан бир жарым жылда 139 миллиард долларга чукул акча чет өлкөгө чыгарылган деген билдирүүсү эки ача пикирлерди жаратты.

Кечээ парламенттин жыйында өкмөт башчы журналисттик иликтөөдө айтылган 700 миллион доллар бюджетке тиешелүү каражат эместигин белгилеп, акча которуулардын статистикасын айткан. Анда Кыргызстандан бир жылда (2018-жылы) башка өлкөлөргө банк аркылуу 90,5 миллиард доллар, ал эми 2019-жылы алты айда 48,3 миллиард доллар которулганын билдирген (1 жыл 6 айда 139 млрд. доллар).

Бүгүн Абылгазиевдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев премьер жаңылбай, так маалыматты айтканын билдирди. Бирок анын сөзүнө тастыктоо киргизип, бир жылдык суммасы 90 миллиард долларга чукул болгонун жана ал башка өлкөгө чыгарылган гана акча эмес экенин айтууда. "Бул суммага Кыргызстанга кирип жана чыгып жаткан каражаттын баары кошулат", - деп түшүндүрдү.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги так маалымат алуу үчүн Улуттук банкка кайрылды. Андагы статистика боюнча былтыр которулган каражаттын суммасы башкача чыкты.

"Кыргызстандагы коммерциялык банктар 2018-жылы 88,6 миллиард долларлык операцияны ишке ашырышкан. Быйылкы алты айда ушундай эле операциялардын суммасы 48,1 миллиард долларды түздү. Бул чет өлкөгө чыгарылган жана кайра Кыргызстанга которулган акча", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк мындай операциялар мыйзамдуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0