Кумтөрдөгү кырсыктан кийин Centerra ишканасынын акциялары арзандап кетти

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан "Кыргызалтын" ишканасы аркылуу Centerra Gold компаниясынын эң ири акционери болуп эсептелет, акциялардын көлөмү — 77 401 766. Компаниянын негизги активи — Кумтөр кени.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кумтөрдөгү окуядан кийин "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы акциясы 151,8 миллион долларга арзандап кетип, кайра акырындык менен турукташа баштады.

Эске салсак, 1-декабрда "Кумтөр" ишканасында эмгектенген эки кызматкер жер көчкү алдында калганы тууралуу маалымат тараган. Мындан улам ачык жердеги кен казуу иштери белгисиз мөөнөткө токтотулган.

investing.com сайтындагы маалыматтарга караганда, 30-ноябрь күнү бир акциянын баасы 11,36 Канада доллары болсо, кырсык болгондун эртеси, 2-декабрда, 8,75 долларга чейин түшүп кеткен. Бирок баа кайра 10,06 долларга жетип токтогон.

Азыр Кыргызстандын акциялар пакети 585,3 миллион АКШ доллары турат (үч күн ичинде 75,6 миллион долларга арзандады).

Кыргызстан "Кыргызалтын" ишканасы аркылуу Centerra Gold компаниясынын эң ири акционери болуп эсептелет, акциялардын көлөмү — 77 401 766. Компаниянын негизги активи — Кумтөр кени. Азыр дүйнө жүзү боюнча дагы бир нече кени бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0