Кыргыз тил китеби. Архив

Кыргыз тилин өнүктүрүүгө 200 млн. сом бөлүнмөй болду. Акча кайда жумшалат?

155
Улуттук программанын алкагында төрт мекеме кыргыз тилин жана адабиятын пропагандалоо иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын иш-чараларын аткарууга 200 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында 2020-жылга карата кабыл алынган бюджеттин мыйзам долбоорунда жазылат.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, бул каражат төрт мекемеге бөлүнөт.

"Акчанын басымдуу бөлүгү Билим берүү жана илим министрлигине берилет. Алар университет, колледж, кесиптик-техникалык окуу жайларга кыргыз тилиндеги китептерди чыгарат. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданий окуу жайлар үчүн китеп басып чыгарып, кыргыз адабиятын пропагандалайт. Улуттук илимдер академиясы кыргызча илимий эмгектерди жарыялашат", — деди Ишекеев.

Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына 1,6 миллион сом бөлүнөт. Ага балдар адабияты, дүйнөлүк адабият жана классикалык адабияттар жарыкка чыгарылат. Андан тышкары, кыргыз тилиндеги мыкты чыгармалар чет тилге которулат.

Басылган китептердин электрондук варианты да жарыяланмакчы.

155
Белгилер:
бюджет, Назаркул Ишекеев, адабият, кыргыз тили
Тема боюнча
Ишекеев: иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү процесси жай жүрүүдө
Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү электрондоштурулду
Ишекеев: мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз