Кыргызстандын желеги. Архивдик сурөт

Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат

111
(жаңыланган 12:50 05.12.2019)
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп киргенине төрт жылдын жүзү болду. Белгилей кетсек, уюмга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия жана Армения кирет.

Евразиялык аналитика клубунун жетекчиси Никита Мендкович ушул мезгил аралыгындагы ийгиликтерге (же утулушу) эксперттер үчүн эле эмес, карапайым калкка да түшүнүктүү терминдер менен сереп салып көрдү.

ЕАЭБ жана мектептер

ЕАЭБдин негизги милдети — Биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн аймагына товарларды сатуу жана тейлөө эркиндигине шарт түзүү. Өз товарларын бөлөк өлкөлөргө сатуу көлөмүнүн өсүшүнө кыргызстандыктар кызыкдар, анткени бул алардын маянасына жана ошол товарлардын өндүрүшү боюнча жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этет.

Жөнөкөй жана түшүнүктүү фактылар бар: 2015-жылы (Евразиялык экономикалык биримдик түптөлгөн жылы) Кыргызстан Биримдиктеги өнөктөш өлкөлөргө жылына 410,2 млн. долларлык, ал эми 2018-жылы – 640,7 миллионго, тагыраак, 230 миллион долларга көбүрөөк товар саткан.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Бул көрсөткүчтү чакан калаанын мисалында карап, мисалга Ош облусундагы Кара-Суу аймагын алалы. Алынган пайданы өлкөнүн калкына теңме-тең бөлүштүрсөк, бул калаа жылына кошумча 640 миң доллар алмак. Болжолдуу эсеп менен андай каражат 1-2 мектеп же 2-3 бала бакчанын курулушуна жетмек.

Иш жүзүндө, албетте, өлкөгө кирген акчанын баары мектеп жана бала бакчага жумшалбайт. Бир бөлүгү өндүрүшкө, дагы бир тобу башка тармакка бөлүнөт. Кандай болсо да расмий бийликтин маалыматы боюнча, Ош облусунда 17 жаңы мектеп жана 22 мектепке чейинки мекеме ачылган. Аталган аймактагы мектеп имараттарынын көпчүлүгү жарактан чыкканын эске алсак, бул салымдар болбосо, калктуу пунктулардын бир тобу билим берүүчү мекемелерсиз калмак.

Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, жаңы мектептер ачылууда. Мында өлкөгө ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен болгон соодадан түшкөн каражаттын да салымы чоң. Аттиң, өлкөгө ЕАЭБ аркылуу келген акчалардын бир бөлүгү жемкорлук, салыктан жашыруу жана ишкерлер тарабынан сыртка чыгарылып, кыргызстандыктардын көбүнө жетпей калууда. Жымсалдабай айтсак, жалпы элге керек мектептин ордуна кимдир бирөөнүн үйү курулуп, кимгедир кымбат баалуу машина сатып алынат... Эгер акча туура, ачык бөлүштүрүлсө, облуста 40 мектеп куруп коюуга болор эле.

Бирок бул маселеге ЕАЭБ органдары кийлигишпейт. Кыргызстан эгемендүү өлкө, ал эми Биримдикке мүчөлүктөн түшкөн каражатты кандай бөлүштүрүүнү евразиялык мекемелер эмес, өкмөт менен эл өзү чечет.

ЕАЭБ жана жумуш орундары

Сатылган товарлар сырттан алып келинип же өндүрүлөрү айкын. Ал эми аларды сатуу үчүн көп жумушчу талап кылынат.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда, тагыраак, 2015-жылдын августунда, экономиканын расмий тармагында 523 миң киши эмгектенген, 2019-жылы бул көрсөткүч 543 миңге жетип, 20 миң жумуш орду кошулган (көмүскө тармакты эсепке албаганда). "Көмүскөдөгү" өндүрүштү эске алганда жумуш орундары 20 эмес, 50 миңге өскөн болушу мүмкүн.

Өлкөдөгү жарандар соңку жылдары ишке орношуунун кошумча мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мисалы, республиканын тигүү жана текстиль цехтеринин өндүрүшү өсүүдө. Алар Биримдиктеги бөлөк өлкөлөргө экспортоого багытталган. 2013-жылдан тарта тармак туңгуюкка кептелип, өндүрүштүн көлөмү төмөндөгөн, бирок ЕАЭБге киргенден кийин жаңы буюртмалар түшүп, жаңы иш орундары жарала баштады.

Ош облусундагы Кең-Сай конушунда 2019-жылы 7 миң жумушчу орунга эсептелген тигүү өндүрүшү түптөлгөн. 2017-жылы Токмокто 200 кишилик текстиль фабрикасы ачылган. Башка бир катар ишканалардын ачылганы да анык. Бул долбоорлордун негизги инвестору Россиянын колдоосу менен түзүлгөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду болду.

ЕАЭБдин КРдин алты миллиондук эмес, жалпы мүчө өлкөлөрдүн 180 миллиондук рыногуна кире аларын эске алсак, республика ыраак чет өлкөдөн, анын ичинде Индия, Түркия жана араб өлкөлөрүнөн инвесторлорду да тарта алат.

Түзүлгөн мекемелер экспорт үчүн гана эмес, мекендештер үчүн да иштейт. Расмий маалыматтарга таянсак, 2017-18-жылдары текстиль жана тигүү өнөр жайынын өндүрүш көлөмү 29 пайызга өскөн. Бирок бул тармактын 50-80 пайызын көмүскө иш алпарган, статистикага камтылбаган чакан цехтер түзөт. Ошондуктан акыркы жылдардагы өндүрүш расмий көрсөткүчтөн кыйла жогору болушу ыктымал.

Башка тармактарда да жылыш байкалат. 2018-жылы эле Кыргызстанда 10 жаңы өнөр жай ишканасы ачылган. Ошондой эле айыл чарбасы, азык-түлүк өндүрүшү, логистикасы, транспорт тармагы да жандана түштү.

ЕАЭБ жана эмгек мигранттары

ЕАЭБдин маанилүү милдети — жарандардын Биримдиктин кайсы гана өлкөсү болбосун эркин ишке орношуусуна шарт түзүү. Кыргызстанда калктын өсүү ыргагы ыкчам болсо, маселен, Россияда жумушчу күчү жетишсиз. Кыргызстандыктар ЕАЭБге мүчө өлкөнүн жарандары катары бир катар чектөөлөрдөн жана эмгек патентине төлөнчү төлөмдөн бошотулат. Мындай жеңилдиктер өзүнө көбүрөөк акча жумшоого жана үйлөрүнө ашыгыраак каражат которууга мүмкүндүк берет.

Ушул тапта өлкө бийлигинин баамында Россияда 680 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенет. 2014-жылы, ЕАЭБге чейин, Кыргызстанга Россиядан 2 миллиард доллар которулчу. 2018-жылы 2,6 миллиард доллар, башкача айтканда, Биримдикке кирген мезгилге караганда жылына акча которуунун көлөмү дээрлик 600 миллион долларга көбөйгөн.

Бул каражат — калктын бир топ чыгымын жабуу, анын ичинде күнүмдүк керектелчү товарлардын импортун сатып алууга сарпталган акчанын негизги булагы. Аларсыз республика экономикалык гана тургай, анык гуманитардык туңгуюкка кептелмек.

Ошондой эле ал каражат — келечекке да инвестиция. Эмгек мигранттарынын бир тобу мекенинде иш түптөө үчүн акча чогултат. Макаланын автору Ош облусунан чыккан, Санкт-Петербург шаарында альпинист болуп иштеген таанышы мекениндеги үйбүлөлүк үлүшүн алдыңкы фермердик чарбага айлантуу боюнча бүтүндөй бизнес-планын даярдап койгон. Ага зарыл каражатты бир нече жыл иштеп топтоп алып, мекенине кайтып келүүнү пландап жүрөт.

ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кайтып келген эмгек мигранттары республиканын жаңы жана прогрессивдүү орто классынын түптөлүшүнө негиз болчу күндөр алыс эмес.

Пайданы кантип жогорулатууга болот?

Кыргызстан жылына ЕАЭБге мүчөлүккө байланышкан түз, кеминде 3,3 миллиард долларлык киреше алат. Бул республиканын 2019-жылдагы мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнөн бир жарым эсе көбүрөөк. Жалпы эсептелген сумма жыл сайын Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундай трассадан төрттү курууга жетмек.

Дал ушул каражаттардан улам соңку жылдары өнөр жай, билим берүү жана маданият тармагындагы көп долбоорлор жүзөгө ашырылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Албетте, мынчалык ири сумманы эч ким жеке көзөмөлдөй албасы турулуу иш. Ал Кыргызстандын экономикасына ар кандай каналдар аркылуу кирет, бирок мамлекет жана банк тутуму каражат болушунча үзүрлүү жүгүртүлүшүнө шарт түзүүгө тийиш. Кымырылып же эпчил шылуундар тарабынан чет өлкөгө чыгарылып кеткенден көрө талап күч болуп турган өндүрүштөрдү жаратууга, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалганы дурус. Бирок бул ЕАЭБдин эмес, ички саясаттын, тартиптин жана экономикалык стратегиянын маселеси.

2015-жылы республика Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнөн, өзүнүн иш жүзүндөгү өндүрүш көйгөйлөрүнөн улам экономикалык туңгуюкка кептелген. Андан чыгуунун жалгыз жолу — ЕАЭБге мүчө болуу эле. Андан башка тандоо деле жок болчу.

Балким Кыргызстан али Биримдиктин бүт мүмкүнчүлүктөрүнөн толук пайдалана электир. Буга бирикмеге мүчө болуп кирген алгачкы жылдардагы көп аткаминерлердин кашаңдыгы кедерги болгон. Өндүрүмдөрдү тышкы рынокко чыгарууга байланышкан бир топ маселелер, бизнес өкүлдөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөр жана эрежелерди маалымдоо, сертификаттарды каттоо жана инвесторлор менен иш алпаруу өңдүү иштер 2017-жылга чейин көңүлдөн жаздым калып келди. Ошол эле айыл чарба товарларын экспорттоону камсыздоочу фитосанитардык лабораториялардын түйүнүнүн түзүлүшү деле көпкө созулду. Болбосо, бул долбоор ЕАЭБге мүчө болгон башка өлкөлөрдүн каржылык жана техникалык көмөгүн алып турган.

"Эч кыймылдабаган киши гана жаңылбайт" деген туура кеп. Евразиялык рынокторду багындыруудан баш тартуу жана өзүнчө обочолонуу бул өнүгүүдөн артка чегинүү, экономикалык өсүштүн токтошу жана жакырлык болоор эле.

Ал эми интеграция ынтызар жана мээнеткеч адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр экени талашсыз.

111
Белгилер:
өкмөт, миграция, экономика, соода, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан
Тема боюнча
Монголия ЕАЭБ менен эркин экономикалык аймак ачууга кызыкдар
ЕАЭБге чейин жана киргенден кийин. КРдин экономикалык көрсөткүчү
ЕЭК кеңеши мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча долбоорду жактырды
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

68
(жаңыланган 22:09 08.08.2020)
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков саламаттык сактоо системасын жылытуу мезгилине даярдоо биринчи орунда экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбеков күз-кыштагы жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча жыйын курган. Анын айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезону даяр болушу шарт. Анын ичинде ооруканалар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясынын кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Медициналык мекемелердин бардыгы кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер жылытуу маселелеринде облус жетекчилеринин жоопкерчилиги да чоң экендигин эскерткен.

Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган.

68
Белгилер:
оорукана, даярдык, жылытуу маалы, жыйын, өкмөт, Алмазбек Баатырбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар

93
Президент болуп жаткан аракеттер ишке ашса оор илдеттер менен жабыркаган кыргызстандыктар чет өлкөгө барбай эле өз өлкөсүндө дарылана тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы типтеги, эң алдыңкы технология менен жабдылган ооруканалар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" (КТРК) маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, медициналык мекемелер мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салынат.

"Буга чейин мен айткандай облус борборлорунда жана башка шаарларда жаңы типтеги, бардык медициналык кызмат көргөзгөн ооруканалар болот. Биз бейтаптар шаардын бир башынан тиги бурчуна барбай, бир жерден эле бардык кызматтарды алса деп жатабыз. Андай ооруканалардын курулушуна 100 миллион доллар салууга даяр инвесторлор бар. Бул маселе менин көзөмөлүмдө", — деди өлкө башчы.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Президент ошондой эле ал аракеттер ишке ашса оор илдеттер менен жабыркаган кыргызстандыктар чет өлкөгө барбай эле өз өлкөсүндө дарылана ала тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, учурда өлкөнүн жети облусундагы ооруканалардын курулушу башталып, аларды бир же бир жарым айда бүткөрүү пландалып жатат.

93
Белгилер:
курулуш, оорукана, Сооронбай Жээнбеков, президент
Тема боюнча
Боронов: Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарылат
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

0
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

0
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео