АКШ долларлары. Архив

Самоа, Куба, Марокко... Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөр

115
(жаңыланган 09:25 06.12.2019)
Каражат 47 өлкөдөн, мындан тышкары, Кытайдын административдик аймагы Гонконгдон, Америкадагы Виргин аралдарынан жана Улуу Британиядагы Виргин жана Кайман аралдарынан, ошондой эле эл аралык уюмдардан түшкөн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөдөн түшкөн инвестициянын агымы 576,8 миллион долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматта бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 67,3 пайызга көп экендиги айтылат.

Каражаттар 47 өлкөдөн, мындан тышкары, Кытайдын административдик аймагы Гонконгдон, Америкадагы Виргин аралдарынан жана Улуу Британиядагы Виргин жана Кайман аралдарынан, ошондой эле эл аралык уюмдардан келип түшкөн.

Алдыңкы бештиктеги инвесторлорго Кытай, Канада, Улуу Британия, Нидерланддар жана Россия кирет. Ал эми эң аз каражат Финляндия менен Мароккодон келген.

115
Белгилер:
агым, каражат, инвестициялар, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Тема боюнча
Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат
Миллиарддап саналат. Бир жылда Кыргызстандан канча акча чыгарылганы айтылды
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

10
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

10
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат
Ири мүйүздүү тирүү мал. Архив

Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?

84
Ноябрь айында өлкө аймагындагы базарларда малдын баасы арзандап кетти. Буга элет жериндегилер жогору жактагы аткаминерлерди күнөөлөп, аларга түрдүү сын-пикир, сунуштарын айтып жаткан кези.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов аталган маселеге кайрылып көрдү.

Өкмөт ноябрь айында мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Ал тизмеге тирүү жылкы, ири мүйүздүү тирүү мал, тирүү кой жана эчкилер, тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар кирди. Андан сырткары, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз жана тоют да сыртка сатылбай калды.

Айыл чарба министрлиги мындай сунушту азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздангандыктан улам бергендигин кабарлаган. Андан көп өтпөй облустардагы базарларда малдын баасы мурдагыга салыштырмалуу түшүп кеткендиги айтыла баштады.

Эл жаздан бери акчасын төлөп малын жайлоодо бактырып, жайы бою жем-чөбүн даярдап өз убарасын тарткан. Жандыгынын туягын санаган элеттиктер сатыкка ылайыктуу малын, талаадан жыйнаган түшүмүн күзүндө жана кышында сатып тиричилигин улантып, эмгегинин жемишин көрөт. Алардын андан башка деле оңгулуктуу киреше булагы жокко эсе.

Ошондуктан өкмөттүн кабыл алган чечимин айыл жеринде жашагандар түрдүү кабыл алууда. Кээ бири жогорку кызматтагы аткаминерлерге сын-пикир айтса, дагы бири малды чет жакка чыгарууну тыюу салбастан, өлкөдөгү мал чарбачылыгын алдыга жылдырган аракеттерди сунуштоодо. Биз алардын айрымдарын тизмектеп берелик.

Ит бекер жаткан тери

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 850 миңге жакын уй, жарым миллиондон ашык жылкы, алты миллиондон ашык кой-эчки жана 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал бар. Ошондой миллиондогон малы бар республикада азыркыга чейин бодонун, кой-эчкинин териси, жүнү өлкө аймагында иштетилбей келет. Бир нече жыл мурун облустарда кой-эчкинин териси 100-200 сомдон, бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган. Ортодо ал чет элдик ишкерлердин байланышы бар өндүрүштөр токтоп калып, кайра иштетүүчү жарактуу продукция учурда айыл четиндеги таштандыга үйүлүп калды. Башка мамлекеттер бука менен уйдун терисинен кайыш, ат жабдыктарынан баштап бут кийимге чейин чыгарып жакшы эле киреше таап жатса, бизде малдын териси айылдык иттердин эрмегине айланды.

Кайра иштетүүгө муктаж болгон жүн

Ал эми боз үй, кийим-кече, кышкы өтүк, жип-шуу өңдүү толгон-токой буюмдарды даярдоого мүмкүн болгон кой-эчкинин жүнү элет жеринде өрттөлүп, айылдыктар жазында куйкум эле жыттанып жатып калышат. Кыркын маалында жайлоодогу кокту-колот, ээн талаалар баасы жок жүнгө толот. Аткаруу бийлиги аны колго алса, ар бир облуста жок дегенде ондогон жумуш орундары пайда болмок. Кыргызстандыктардын үйүнө Кытай, Иран, Түркиядан келген килемдер эмес, ата мекендик өндүрүштөгү өзүбүздүн сапаттуу шырдак, кийиздер салынып калмак беле. Малчыларга кам көргөн аткаминерлер, азык-түлүк коопсуздугуна тынчсызданган мамлекеттик кызматкерлер, арзан, жеткиликтүү чийки затты кайра иштетүүгө эчак эле убакыт келген.

Малдын сөөгүн дагы иштетсек болмок

Ооз көптүрүп "мал киндиктүү жербиз, этсиз жашай албайбыз, жамандык-жакшылыкта мал сойбой кое албайбыз" деген республикада  азыркыга чейин малдын сөөгүн иштеткен бир да ишкана жок. Мисалы, азык-түлүккө колдонууга жараксыз болгон сөөктөрдөн короодогу тоок, үндүк, үйдөгү ит-мышыктардын курсагын тойгузуп, өсүшүнө көмөктөшө турган кошулмаларды даярдоого мүмкүн экендигин чарбакерлер билет. Анткени анын курамында кальций арбын, аны жеген үй жандыктарынын сөөгү бекем болуп, тез өсүшүнө өбөлгө болот. Жок дегенде биз ошону жолго салып алсак, айылдагы иттер жугунду ичсе дагы, шаардагы үй жаныбарларынын курсагын жергиликтүү продукция менен тойгузуп калат элек. Себеби азыр ошонун баары чет мамлекеттерден алып келинүүдө.

Бул элеттиктердин тизмектеген сунуштарынын айрымдары гана. Азыр айылдыктар эт, сүт багытындагы асыл тукумдуу малды гана багууга, сандан сапатка өтүүгө өтө кызыкдар. Сааган уйларынын сүтү, малынын эти жогору баада алынса, жайдыр-кыштыр тоодо жүрүп, жада калса бала-чакасын унутуп калган чабандарга өкмөт көңүл бурса дегенде эки көзү төрт.

84
Белгилер:
колумнистика, өндүрүш, кайра иштетүү, мал чарбасы, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы