Чет өлкөдөн Кыргызстанга которулган акча 242 млн. долларга азайып кетти

© REUTERS / Kham / File PhotoБанк в Ханое
Банк в Ханое - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын ушул эле маалында Кыргызстанга чет жактан 2 миллиард 242 миллион доллар которулган болчу.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 242 миллион долларга азайып кетти. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, жеке тараптардын 10 айдын аралыгында өлкөгө жөнөткөн каражаты 2 миллиард долларды түздү. Өткөн жылдын ушул эле маалында 2 миллиард 242 миллион доллар которулган болчу.

Мындай көрсөткүч 2005-жылдан берки статистика боюнча үчүнчү ирет кайталанып жатат. Былтыр 10 айлык акча которуулардын азайышы рекорддук көрсөткүчкө чейин түшкөн. Андан кийин 2017-жылкы статистика 2 миллиард 83 миллион доллар болуп, үчүнчү орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0