Мамлекеттик ишканалардын канчасы өзүн-өзү актап жатат? Графика

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСахарный завод "Свобода" в Краснодарском крае
Сахарный завод Свобода в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө аймагында 105 мамлекеттик ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бирок алардын жарымынан көбү кирешелүү эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал өндүрүштүк жайлардын учурдагы абалына кызыгып көрдү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалыматына ылайык, 24 ишкана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, сегизи Транспорт жана жолдор министрлигине, он ишкана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине, алтоо Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, жетөө КР президенти жана өкмөтүнүн иш башкармалыгына, бешөө Коргоо иштери комитетине карайт. Калгандары башка мекемелердин алдында. 

Мамлекеттик ишканалардын учурдагы абалы кандай?
Мамлекеттик ишканалардын канчасы өзүн-өзү актап жатат? Графика - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишканалардын учурдагы абалы кандай?

Ал ишканалардан жыл башынан бери тогуз ай ичинде өлкө казынасына 484,6 миллион сомдон ашык акча түшүп, анда 18 миң 938 адам эмгектенет. Ири каражат тапкан ишканалардын сап башында "Кыргыз темир жолу", "Инфоком", "Кыргызаэронавигация", "Мостостроительный отряд", "Кыргызжолтрансдолбоор" турат. 

Кайсы мамлекеттик ишкана ири киреше табууда?
Мамлекеттик ишканалардын канчасы өзүн-өзү актап жатат? Графика - Sputnik Кыргызстан
Кайсы мамлекеттик ишкана ири киреше табууда?

Ал эми "Автоколонна 2901", "Борбордук лаборатория", "Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясы", "Бишкек тоо-кен чалгындоо техникалык тажрыйба-эксперименталдык заводу", "Кант кызылчасы боюнча тажрыйба-эксперименталдык заводу" ишканалары аз киреше тапса, "Республикалык радиотелецентр", "Кыргыз жылуулук энерго" чыгашалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0