Монополияга каршы күрөшүү агенттигинен 35 млн. сомдук эреже бузуу аныкталды

Жазылуу
Башкы прокуратура бир катар эреже бузууларды аныктап, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин атына эреже бузууларды жоюу жана кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүү керектиги боюнча акт жөнөтүлгөн.

"Мындан сырткары, кызматтык унаа сатып алууда мыйзамсыз негизде бюджеттик каражат колдонулганы, иштебеген эки айдоочуга айлык чегерилгени жана аларга күйүүчү май сатып алуу үчүн деп 1,8 миллион сом бөлүнгөнү аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынды. Ушундай эле берене менен дагы бир текшерүүнүн жыйынтыгы каттоого алынды.

Деятельность компании Акнет - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Акнеттен" 1 миллиард сомдук мыйзам бузуу табылды
"Манас" аэропортуна салынган айыптын суммасын негизсиз түрдө 33,3 миллион сомго кыскартып коюшкан", — дешти прокуратурадан.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси ("Документти жасалмалоо") боюнча дагы бир материалды каттоого алды. Тагыраагы, агенттиктин С.А. аттуу кызматкери жасалма диплом менен иштеп жүргөнү белгилүү болуп, кызматтан алынган.

Жогоруда аталган кылмыш иштери тийиштүү тергөө органдарына өткөрүп берилди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0