Жээнбековдун Сауд Аравия сапары: инвестиция, айыл чарба, түз каттам

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Сооронбая Жээнбекова в Саудовскую Аравию
Официальный визит президента Сооронбая Жээнбекова в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Жээнбековдун жолугушуусунда Кыргыз-сауд экономикалык кызматташуу фондусун түзүү сунушу айтылган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравия Королдугуна расмий визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду. Бул туурасында президенттин аппараттынын бөлүм башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Эки тарап инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчөтүү маселелерин талкуулаган.

“Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы потенциал толук ишке ашырыла элек, Сауд Аравиясынан түз инвестицияларды тартуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, — деп белгиледи президенттин аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Жээнбековдун жолугушуусунда Кыргыз-сауд экономикалык кызматташуу фондусун түзүү сунушу айтылган. Ушул эле маселе Сауд өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Халид С. Аль-Худайри менен да талкууланган.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар, анын ичинде Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолу, Түп-Кеген жолу менен бул трассаны байланыштыруучу Корумду айылынан Балбай айылына чейинки бөлүк боюнча да документтерге кол коюлду. Түп-Кеген жолу, белгилүү болгондой, негизги артериялардын бири болуп саналат жана келечекте Казакстан менен Кыргызстанды байланыштырат. Бул Ысык-Көл облусу менен жалпы өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, — деди Иманалиев.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков БАЭде 7 келишимге кол койду. Арасында соттолгон адамдарды өткөрүү да бар
Дагы бир маанилүү документ катары айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча макулдашуу болгон.

Энергетика, курулуш, транспорт боюнча бир катар долбоорлор жана Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланган.
Эт, сүт азыктары жана башка айыл чарба продукциялары менен камсыздоонун потенциалын өстүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, карго жана авиа ташуулар, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы түз каттамдарды жөнгө салуу маселелери да талкууга алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0