Жаңы курулуп аткан үйлөр. Архивдик сүрөт

Мамлекеттик ипотека 2025-жылга чейин кандай болот? Долбоордун кыскача түшүндүрмөсү

341
(жаңыланган 17:43 20.12.2019)
Учурда иштеп жаткан мамлекеттик ипотекалык программанын мөөнөтү аяктап баратат. Азыр программанын жаңы концепциясы иштелип чыкты. Анда көптөгөн жаңычылдыктар бар.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы Элмира Абжапарова тегерек столдо өкмөттүн 2020-2025-жылдарга карата жаңыланган турак жай программасынын концепциясын ("Ак Конуш") тааныштырды.

Учурда "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасы иштөөдө, ал боюнча 5 миллиард сомдон ашык суммага 4,4 миң насыя берилген. Кезекте 4 миң киши турат. Алардын берген арызынын көлөмү 8 миллиард сомду түзөт.

Программанын максаты

Турак жай курууну көбөйтүү, инвестиция тартуу, жаңы финансылык инструменттерди киргизүү (Ислам баалуу кагаздары — сукук, турак жай сертификаты) жана эскилерин ипотекалык баалуу кагаз катары колдонуу. Баштапкы салымдын пайыздык коюмунун бир бөлүгүн субсидиялоо мүмкүнчүлүгү жана коюмдун суммасын төмөндөтүү.

Каржылоонун көлөмү

12,5 миллиард сомдон кем болбойт деп пландалууда, анын 2,5 миллиарды турак жай салууга жумшалса, 10 миллиарды турак жай берүүгө кетет. "Мамлекеттик ипотекалык компания" керектүү каражаттын 40 пайызы бюджеттен, ипотекалык кагаздардан 10 пайызы, донорлор менен инвесторлордон 50 пайызы келет деп үмүттөнүүдө.

Өзгөрүүлөр

Толугу менен бүтүп, даяр болгон үй сатып алууда анын баасын максималдуу түрдө көбөйтүү, мисалы, чарчы метрин 40 миң сомдон 60 миң сомго дейре жогорулатуу пландалган. Буга чейин курулуш компаниялары мындай баага турак жай бере албай келишкен. Ошондой эле максималдуу аянтын да кеңейтүү каралууда (учурда 80 метр).

Кандай жыйынтык болот?

7,5 миң насыя берүү. Мамлекеттик курулуш аркылуу 100 миң чарчы метр турак жай куруу.

341
Белгилер:
долбоорлор, план, Мамлекеттик ипотекалык компания
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)
Тема боюнча
Нарында ипотекага курулган үйдө бош батирлер бар. Кантип канчага алса болот?
Бишкек менен Оштун жашоочуларына 14 пайыздык ипотека бериле баштады
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

26
(жаңыланган 22:40 06.07.2020)
Документке ылайык, бир нече өлкө менен сооданы өнүктүрүүгө, региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган протоколго 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“Протоколдун негизги максаты — өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү. Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүлөт.  Ошондой ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык иштерди жандантууга өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Макулдашуучу мамлекеттердин курамына Азербайжан, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан мамлекеттери кирет.

Аны менен катар Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөрү айтылат.

26
Белгилер:
Евразия, патент, кол, документ, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
Коронавируска кабылган бейтапка кислород аппаратын улоо. Архивдик сүрөт

Кычкылтек концентраторун сатып алууга өлкө казынасынан 50 млн сом бөлүндү

44
(жаңыланган 18:07 06.07.2020)
Саламаттык сактоо министрлигине берилген каражаттын ичинен 17,8 миллион сому оорунун очогунда иштеген медиктердин компенсациясы үчүн, 93 миллион сому ПЦР-тесттерди сатып алууга жумшалат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өткөн жумада жана азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигине республикалык бюджеттен 110, 8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бул каражаттын ичинен 17,8 миллион сому оорунун очогунда иштеген медиктердин компенсациясына бөлүнсө, 93 миллион сому ПЦР-тесттерди сатып алууга жумшалат. Кычкылтек концентраторун алууга 50 миллион сом берилип жатат.

Финансы министрлиги: COVID-19 менен күрөшүүгө 3,8 млрд сом кетет

"Өлкө казынасынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да каражат бөлүнгөн. Анын ичинен медиктердин компенсациялык төлөмдөрүнө 91,7 миллион сом, жеке коргонуу каражаттарын алууга 300 миллион сом берилип жатат. Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине 32,7 миллион сом, мигранттар менен иш алып барган Тышкы иштер министрлигине 15 миллион сом каралган", — деди Жээнбаева.

Мындан сырткары, обсервацияларда шарт түзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да 52, 9 миллион сом берилгени кошумчаланды.

44
Белгилер:
каражат, бюджет, казына, каржы министрлиги, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун бермей болду
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

40
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

40
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда