Кыргызстандыктар 630 млн. сомго алтын сатып алышты

© AFP / Arne Dedert / dpaАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын куйма алгандар аны кайра өткөрүп бере алат, баасын Улуттук банк бекитип, күн сайын өзгөртүп турат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өлкөнүн негизги банкы 221 килограмм алтын куймаларын сатып, кайра 125 килограмм алтынды сатып алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан кабарлашты.

Аталган банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куйма сатып, кайра сатып ала баштаган. Мындай аракеттердин максаты чет элдик валюталар гана эмес, баалуу металлдар менен да иш алып баруу болуп саналат. Алтын куймаларды алгандар аны кайра өткөрүп бере алат. Сатуу жана сатып алууда баа күн сайын өзгөрүп турат.

"2015-жылдын май айынан 2019-жылдын 10-декабрына чейин 633,1 миллион сомго бааланган 221,2 килограмм алтын сатылды", — деп жазылат маалыматта.

Ушул эле мезгил аралыгында Улуттук банк 362,3 миллион сомго 124,9 килограмм алтын куймасын сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0