Логистикалык борбор. Архивдик сүрөт

Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Курулуш тууралуу 5 факты

2851
(жаңыланган 17:45 23.12.2019)
Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турчу индустриялык соода-логистикалык борбордун инвестору ким, курулуш иштери качан башталып, качан аягына чыгат? Ушул жана башка суроолорго Sputnik агенттиги жооп издеди.

Нарын облусунун Ат-Башы районуна 2020-жылы индустриялык соода-логистикалык борбор курулуп баштайт. Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын пайдубалына капсула салып келди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги логистикалык борбор тууралуу кызыктуу фактыларды чогултуп, Кытай менен чектешкен жерге салына турчу борбордун курулушу Кыргызстанга канчалык пайда алып келерин адистерден сурап көрдү.

Документ

Быйылкы жайда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт.

Логистикалык борбордун инвестору

Логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Юстиция министрлигинин электрондук базасында көрсөткөндөй, бул жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүлөрү Лю Ин, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь экени маалым болду. Эмилбек Абдыкадыров "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсынын дагы негиздөөчүсү. Буга чейин ал мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинде жетекчилик кызматта иштеп кеткен.

Аткарган кызматы

Логистикалык борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук жана көңүл ачуу зоналары курулат. Ошондой эле бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу кызматтар болмокчу.

"Логистикалык борбордун негизги багыттарынын бири текстилдик продукцияны, атамекендик товарларды өндүрүп, ЕАЭБ, Евробиримдик жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөргө экспорттоо болмокчу", — деп жазылат документте.

Борбор курула турган аймак

Логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым, ал эми Бишкек шаарынан 400 чакырым алыстыкта курулмакчы. Бишкек — Нарын — Торугарт — Кашкар унаа жолунун 439-чакырымында, автомагистралдан 500 метр алысыраак жерден орун алат.

Жумуш орду, ижарага берилген жер

Өкмөттүн берген маалыматына таянсак, өнөр жай борборун салууга Ат-Башы аймагынан 176 гектар жер 49 жылга ижарага берилген.

"Логистикалык борбор курулса 15 миңдей адам жумуш менен камсыз болот", — деп жазылат өкмөттүн документинде.

Буга чейин премьер-министр Абылгазиев жумуш менен камсыз болгондордун 90 пайызы кыргыз жарандары болорун баса белгилеген. Борбор курулуп баштаса, жергиликтүү адистердин квалификациясы жогорулатылат экен.

Курулуш иштери качан башталып, качан бүтөт?

"Учурда инвесторлор тарабынан логистикалык борбордун техника-экономикалык жана иш долбоору иштелип жатат. Ал 2020-жылдын январь айында бүтүп калат. 2020-жылдын февраль айынан тарта курулуш иштери башталат. Ал эми борбордун биринчи кезекте турган объектилери 2020-жылдын ноябрь айында ишке берилет", — деп жазылат маалыматта.

Адистин пикири

Жогорку Кеңештин депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров ири соода-өнөр жай логистикалык борбор курулса, ачык-айкын соода кылууга жеңил жол ачылмак деген пикирде.

"Кытайдын товарлары менен дүйнө жүзүнө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар сатканды жакшы эле үйрөнүп калдык. Бирок мурда көмүскө экономиканын күчү менен товарларды биздин аймакка алып келип, топтоп, анан башка өлкөлөргө сатчубуз. Ачык-айкын эле соода кылуу үчүн Эркеч-Тамдын, Торугарттын ылдый жактарына сөзсүз логистикалык борборлорду куруу керек. Өлкөгө кайсы товар кандай көлөмдө, кандай сапаты менен кирди? Кыргызстан ЕАЭБдин чек арасы катары ага жооптуу. Ал эми логистикалык борбор курулса, мындай көйгөйлөрдү чечүү жеңил болот. Эгер инвесторлор чындап эле 280 миллион долларга инвестиция салып, борборду куруп бере турган болсо, Кыргызстан аркылуу товар сатууну көбөйтө алабыз. Азыркы тапта Белоруссия санариптештирүүгө жакшы көңүл буруп, логистикалык борборлордун баарын алып, Россияга эле эмес, Европага өз товарларын ийгиликтүү сата баштады", — деди Жапаров.

Депутат логистикалык борбордо алгач башка товарларды чогултуп сатып, андан соң өзүбүздүн товарларды өндүрүп, тигип, чыгарса болорун айтты. Соода-өнөр жай логистикалык борборунда кыргыз жарандары иштей турган болсо, аларды кийинчерээк салыктардан да бошотуу керек экенин баса белгиледи.

Баса, өкмөттүн 2020-жылга карата планында Нарынга 100 мегаваттык ГЭС куруу дагы бар. Аны 120 миң долларга кыргызстандык ишкер сала турганы айтылган.

2851
Белгилер:
экономика, логистикалык борбор, документ, өкмөт, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Өзбекстан ЕАЭБге кирсе кыргызстандык фермерлерге сокку болбойбу?
Эксперт: КР аткаминерлердин кашаңдыгынан ЕАЭБди толук пайдалана албай жатат
Бишкектеги стационардын биринде иштеген медиктер. Архивдик сүрөт

COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн

57
(жаңыланган 13:17 10.07.2020)
Кыргызстан чет элдик донорлордон 627,3 миллион доллар сураган. Бүгүнкү күндө анын жарымы келип түштү.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чет жактан алынып жаткан каражаттын эсебинен коронавирустун жайылышына бөгөт коюу иш-чараларына 2,2 миллион доллар бөлүнгөн. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627,3 миллион доллар сураган. Бүгүнкү күндө Финансы министрлигинин эсебине 321,4 миллион доллар келип түштү. Анын 2,2 миллион доллары (болжол менен 165 миллион сомдун тегереги) медициналык жабдуу жана каражат алууга берилген. Бул акчаны Дүйнөлүк банк берген. 

Өкмөт быйыл саламаттыкты сактоо тармагына канча акча бөлүнгөнүн жарыялады

Ал суммага төмөнкүлөр алынды:

  • Тез жардам унаасы — 13 даана;
  • Жеке коргонуу каражаттары — 109,3 даана;
  • Дезинфекциялоо каражаттары — 8,3 миң даана;
  • Лабораториялык реактивдер — 36,3 миң даана;
  • Дары-дармек — 385,6 миң даана;
  • Медицина багытындагы буюмдар — 45,4 миң даана;
  • Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат — 10 даана;
  • Жасалма дем алдыруучу BiPAP аппараты — 50 даана;
  • Чарба товарлары — 15,9 миң даана; 
“Товарларды сатып алуу үчүн тендерлер Дүйнөлүк банктын талаптары менен өтүп, ага өздөрү көзөмөл кылышты. Мындан сырткары, бизге бир нече өлкөдөн товар түрүндө гуманитардык жардам келген. Алар: тесттер, жабдуулар, медициналык боюмдар. Бул боюнча да кийинчерээк толук маалымат берилет”, — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, каражаттар бюджетти колдоо, COVID-19дун жайылышына жол бербөө жана экономиканы колдоо деп үч багыт менен алынууда. 

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

57
Белгилер:
колдонуучу, медицина, карыз, каражат
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
Нарын облусу 300 кычкылтек концентраторуна жана 17 ИВЛге муктаж болууда
Доллар жана евро акчалары. Архивдик сүрөт

Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө

116
(жаңыланган 11:58 10.07.2020)
Коронавирустун кесепетинен Кыргызстан чет элдик банктардан жарым миллиард доллардан көбүрөөк каражат сураган. Бирок учурда анын баары келип түшө элек.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627,3 миллион доллар алып жатат. Анын 461,5 миллион доллары кредит, 165,8 миллиону грант түрүндө берилет. Бул туурасында экономикалык блокту тескеген вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн Финансы министрлигинин эсебине 321,4 миллион доллар келип түштү. Анын 173 миллион доллары иштетилип бүттү. Бул коронавирус менен күрөшүү иштерине, экономиканы колдоого жана социалдык төлөмдөр менен маяналарды төлөөгө жумшалган. Калган 148,4 миллион доллары казынада турат. Башкача айтканда, коротула элек.

Финансы министрлиги: COVID-19 менен күрөшүүгө 3,8 млрд сом кетет

Алдыда дагы 305,9 миллион доллар алуу макулдашылган, учурда тактоо процесстери жүрүп жатат.

Ошондо чет жактан алынган жана күтүлүп жаткан каражаттын жалпы суммасы 627,3 миллион долларды түзүүдө.

Алынган жана макулдашууда турган каражаттар:

  • Эл аралык валюта фондунан 241,9 миллион доллар кредит алынды;
  • Азия өнүктүрүү банкы 135 миллион доллар берет. Учурда 50 миллион доллар (жарымы грант) келип түштү. Калган 85 миллион доллары (69 млн кредит, 16 млн грант) макулдашуу процессинде турат;
  • Дүйнөлүк банктан 121,15 миллион доллар алуу боюнча келишим түзүлдү. Аталган сумманын 50 пайызы кредит, калганы грант түрүндө берилмекчи. Бүгүнкү күндө анын 2,2 миллион доллары Финансы министрлигинин эсебине түштү. Ал эми 118,9 миллион доллары макулдашууда;
  • Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан 50 миллион доллар кредит алуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө;
  • Ислам өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар кредит алуу макулдашылып жатат;
  • Европа биримдиги 33, 88 миллион доллар грант берет. Азыркы тапта анын 27,3 миллиону алынды, 6,6 миллиону макулдашууда;
  • KfW Германия өнүктүрүү банкынан 30,4 миллион доллар грант алынат.
116
Белгилер:
Эркин Асрандиев, макулдашуу, грант, кредит, каражат, коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады
Мамлекет жарым жылда баалуу кагаз чыгаруудан 4,7 млрд. сом пайда көрдү
Медициналык сактоочу костюм кийген кызматкер. Архивдик сүрөт

Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

30
(жаңыланган 14:50 10.07.2020)
Бул – күнүмдүк иштерин бир максат үчүн жыйыштырып, учурда бишкектик медиктердин жүгүн бир аз болсо да жеңилдетүү аракетиндеги футболист кыз, студент-режиссер жана каш чийип иштеген адистин баяны.
"Врач эмесмин, тамчылатма укол коюп, ийне сайганды билбейм. Каржылык жактан жардам берейин десем, колумда акчам жок. Бирок! Медиктерге кол кабыш кылып, аз да болсо алардын ишин жеңилдетүү үчүн ыктыярчы болууга даярмын. Бир нерсе жеткирип же тамак ташый алам...", — деп жазган футболист Айдана Оторбаева бир нече күн оболу Facebook баракчасына.

Ошол эле күнү кечинде аны менен кошулуп, учурдагы абалга кайдыгер карабаган кыргызстандыктар атайын коргоочу костюм кийип, бейтаптарга тамак ташып, палаталарды тазалап, кабаттан кабатка түшүп-чыгып көнө башташкан. Бул материалыбыздын каармандары маалымат каражаттарына чыгууга деле ашыккан жок. Тек гана ушундай кыйын күндө четте карап тура албай, жардамын берүүнү ойлогондор.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы үч ыктыярчы менен байланышып, врач да, бейтап да болбой туруп, эпидемияга ыктыярдуу чакырык таштоо кандай экенин сурап көрдү.

Айдананын чакырыгы

Волонтер Айдана Оторбаева
© Фото / Айдана Оторбаева
Волонтер Айдана Оторбаева

Айдана Оторбаева 24 жашта. Профессионалдуу спортчу, жеке футболдук мектеби бар. Жакын жашаган жакындары менен улам катташып тургандыктан, ыктыярчылыкка барууга дароо батынбады. Бирок жаңылыктар менен таанышып чыккан соң, ушундай чечим кабыл алды.

"Кабарлардан саламаттык сактоо министринин өкүлү брифинг маалында көзүнө жаш алгандыгын интернеттен көрүп турдум. Ал сүйлөп жатканда адамдар ооруканалардагы башаламандык туурасында комментарийлерди жазып жатышты. Дарыгерлер бейтаптарды кабыл алууга үлгүрбөй жатышыптыр... Аябай жаман акыбалда болдум", — дейт спортчу кыз.

Ошондо Айдана курбусу менен ыктыярчы болууну чечишет. Социалдык медиадагы баракчасына бул боюнча жазганында кайдыгер карабаган башка бишкектиктер да үн кошот.

Калкка жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар изделүүдө

Ыктыярчы жаштар биринчи күнү калаадагы стационарлардын биринин короосуна барышат. Доктурга көрүнүүгө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөчүдөй эле... Айрымдары түз байланыш номерлерине чала албагандыктан, врачтардан кеңеш суроого келишсе, кээ бирлери аябай кыйналып жаткан...

"Кырдаал кыйын. Ар бир бейтап өз жаны үчүн күрөшүп жатат, ызы-чуу салганы да жок эмес. Жан берген бейтаптын сөөгү турган бөлмөнүн жанынан өттүм. Аны алып кетчү киши жок, ал эми атайын машина чакыртыш үчүн каражат зарыл. Андай жагдайда врачтар эмне кыла алат?" — деп суроо салат Оторбаева.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Айтымында, бардык кыйынчылыктарга карабай, медиктер чыдап келишет. Ал ортодо ыктыярчыларды чыйралтып, маанайын көтөрүүгө да аракет кылышууда.

"Көптү көргөм дебейм, бирок бул тажрыйбаны эч нерсе менен салыштырып болбойт. Өзүңдү бекем кармоого тырышасың, арийне бул оңой эмес экен. Баарынан кыйыны – бейтаптардын көз карашын көрүү. Үнү титиреп турса да врачтар өздөрүн кармап, ал түгүл тамашалоого да аракет кылышат", — дейт Айдана.

Коргонуучу костюмду кийип жүргөндөрү үчүн эле аларга эстелик тургузса жарашарын, себеби кийгенден жарым сааттан кийин эле дем алууга мүмкүн эмес болуп каларын айтат спортчу кыз.

Волонтер Айдана Оторбаева
© Фото / Айдана Оторбаева
Волонтер Айдана Оторбаева

Чүмкөнгөн аппак кийимден улам бейтаптар ыктыярчыларды дарыгер, медайымдар деп ойлоп алып, асма укол коюуну суранышат.

"Ооруканаларга медиктер жетишсиз, бирок биз ыктыярчы катары бөлмөлөрдү жыйнап, тамак ташып, медициналык жардам көрсөтүүгө тиешеси жок майда-барат тапшырмаларды аткара алабыз. Азыр жапырт чыгып, бири-бирине көмөктөшүүгө даяр. Болгону баарында эле мүмкүнчүлүк боло бербейт, себеби айрымдарынын үйүндө тобокел тобундагы жакындары, майда балдар бар", — деген оюн билдирет Айдана.

Футболчу бийкеч медиктерге ар бирибиз колубуздан келген жардамды бере аларыбызды айтты. Ал – жок дегенде зарыл иш болбосо тышка чыкпай турганыбыз дейт.

Султан кабылган сыноо...

Волонтер Султан Орозбаев
© Фото / Султан Орозбаев
Волонтер Султан Орозбаев

Султан Орозбаев 22 жашта. Ал сүрөт тартат, Бишкекте кинорежиссерлукту өздөштүрүп жүрөт. Бул жигит да Айдана сыяктуу эле калктын башына каран түн түшүп турганда четте карап тура алген эмес. Ооруканада ыктыярчылык кылуу менен жакындарынын да саламаттыгына коркунуч келтирерин түшүнгөн жигит досунукуна убактылуу көчкөн.

"Үйдө жөн отура албадым, медиктерге кандайдыр бир жардам кылгым келди. Суу, тамак ташып, бөлмөлөрдү тазалап, полду жууп дегендей. Кандай иш болсо да аткарууга болот!" — дейт Султан.

Жеке коргонуу костюмдарын таратардан мурда жаштардан бул ишке киришүүнү чындап эле каалап-каалабагандарын кайра-кайра тактап сурашкан. Султан атайын костюмду киери менен эле биринчи тапшырмасын алган.

COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди

"Көз жумган бейтаптын сөөгүн атайын пакетке салып, ороону табышташты. Муну угарым менен үрөйүм учуп, бозоро түштүм. Инстинкт менен дароо кетенчиктедим. Маркумдун сөөгүн эч качан көргөн эмесмин... Менин шеригим мага караганда бул жаатта даярдыгы бар экен. Көздү жуумп тапшырманы аткарууга туура келди... Жаныбыздагы кыз аны көрүп, эсинен танып кала жаздады. Өзүбүзгө келе элек жатып, кийинки ишке кириштик", — деп эскерет жигит.

Кара күч жагынан ишти аткаруу кыйын деле болбогонун, бирок ал моралдык жактан абдан оор экенин жашырбайт. Султан колунан келишинче медиктерге пайда келтирүүгө аракет кылат. "Четте байкап тургандан көрө арасында кайнаган" алда канча жеңил экенин түшүндүрөт.

"Көргөн көзүмө ишенбедим. Дарыгерлер таптакыр тартыш эле. Ар бир экинчи бейтап тамчылатма укол коюуну өтүнөт. Шайы ооп, чаалыккан, алы кеткен медайымдар бейтаптардын баарына үлгүрүш үчүн жанталашат. Пайдабыз аз да болсо тийди деп ойлойбуз, анткени биз жок дегенде бир кабаттан башка кабатка тамак ташууга жарап жаттык", — дейт студент.

Атайын костюм кийген жигитти көп учурда кыз деп ойлоп алышат, анткен себеби ооруканада медициналык кызматкерлердин арасында эркектер абдан аз эле.

"Кыздардын, аялдардын кантип мээнеттенгенин көрдүм. Дал ошолор медициналык персоналдын басымдуу бөлүгүн түзөт. Аларды көрүп таасирлендим десеңиз, эркектерге кайрылсамбы деп да ойлонуп кеттим", — дейт Орозбаев.

ОшМУ студенттер жана адистерден турган 235 медикти даярдап жатат

Айтымында, врачтар катуу психологиялык кысым алдында, бирок салкын кандуу, сабырдуу болууга аракет кылышууда.

"Кээде бейтаптар жана алардын туугандары чыдабай кетип, ачууга алдырышат. Адамдар коркуп, ызы-чуу салышат, бирок медиктер алардын абалына карап, катуу кетпейт. Эки тарапты тең түшүнүүгө болот", — деп эсептейт ыктыярчы жигит.

Ушул тапта Султан ыктыярчылыкка досторун, тааныштарын көбүрөөк тарткысы келүүдө. Алардын үчтөн бири Султандын сунушуна кызыгып калышты.

"Бул туурасында айтып берсең көп адам жардамга кол сунгусу келет. Врачтардын жана бейтаптардын жүгүн жеңилдетүү үчүн алар жеке иштеринин баарын жыйыштыра турууга даяр. Медик эле болуп окуп албай деп өкүнүп кеткен учурларым да болду. Анткени ийне сайып, тамчылатма укол да кое албайм, ал эми бейтаптарга азыр бул абдан зарыл болуп турат", — дейт биздин каарман.

Ал ооруканада иштөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор да жардамдашууга ашыгып турганын баса белгилейт. Эгер биринчи күнү ыктыярчылар стационарга такси менен барышкан болсо, эртеси күнү эле аларды жеткирип коюуга даяр шаардыктар четтен чыккан.

Анаранын аракети

Анара 27 жашта, каш чийүү боюнча чебер. Ал мурдатан бери эле ыктыярчылык менен алектенүүгө камынып, бирок тобокел тобундагы жакындарынын саламаттыгына зыян келтирбейин деп кооптонгон. Туугандары Бишкектен облуска узагандан кийин гана Анара ойлогон оюн ишке ашырган...

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

Ооруканага барып, жагдайга күбө болгон соң Анара медиктерге жардамдашуу тууралуу чечими туура болгонуна бекем ынанган.

"Башта үрөй учурган нерселерди унутууга тырыштым. Бейтаптардын көбү энтигип, дем ала албай кыйналышат, анан калса, алардын орточо курагы – 35 жаштан 65 жашка чейин гана. Тепкичтерден араң чыгып-түшүп жаткан врачтарга боорум ооруду. Шайы ооп, чарчап-чаалыгып турса да ишин улантып, ийне сайып, тамчылатма укол коюп жатышты. Алардын ишине көз салып жатып, кол кабыш кылууга тийиш экениме дагы бир ирет көзүм жетти", — дейт бийкеч.

Ушул күндөрү күбө болгон эч бир окуяны көңүлгө жакын албоого аракет кылат, бирок антиш да татаал экенин айтат.

"Палатага баш баксаң адамдар алкап, ыраазычылык билдиришет, жакындарыбызга ден соолук тилешет. Андай убакта сезимди башкарышың кыйын, психологиялык жактан элес албоого тырышасың. Бейтаптардын жакындарынын чыдамы жетпей, жиндерин ыктыярчылардан, медайымдардан чыгарышат. Биз андайга көңүл бурбай, өз ишибизди аткара беребиз", — дейт Анара.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Дарыгерлердин моралдык жүк гана тургай, ушундай кара күчкө кантип туруштук берип жаткандарына таң калат.

"Биринчи күнү үйгө жөө кайттым. Ооруканада болгону беш саат турсак да, буттарым араң шилтенет. Ал эми дарыгерлер суткалап тердеп-кургап иштеп жатышат. Бул өтө кыйын... Медиктерди тикебизден тик туруп кубаттайлы!" — дейт биздин маектеш.

Өзүнөн кичүү балдардын да ыктыярчылардын катарын улам толуктап жатышы Анараны ого бетер шыктандырат. Азыр адамдар бири-бирине кол сунуп, бир муштумдай болуп түйүлүп, аракет кылышууда. Ыктыярчы кыздын пикиринде, элдин күчү – мына ушунда!

30
Белгилер:
медик, өлүк, дарыгер, жардам, ыктыярчылар, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал