2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы транспорт каражаттарын сатып алууда же сатууда келишимди "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, 2020-жылга карата транспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо колдонулуучу үч жана 0,3 пайыздык жаңы тарифтик торчо күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5 пайызды түзсө, кайра каттоодо 0,3 пайыз көрсөткүчтү түзөт. 

© Фото / пресс-служба ГРС2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу
2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-июлунан тартып Кыргызстандын өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы №302 токтомунун негизинде, кайра каттоодо алынуучу жыйым бир пайыз көрсөткүчтөн 0,3 пайызга төмөндөгөн. 

© Фото / пресс-служба ГРС2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу
2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу
"2020-жылга карата бекитилген жаңы тарифтик торчодо транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо жыйымдардын наркы 2019-жылдын деңгээлинде калды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы транспорт каражаттарын сатып алууда же сатууда келишимди "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат. Себеби унаага ишеним каттын негизинде ээлик кылуунун айынан келип чыккан ар кандай жагдайлардан арыласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0