Улуттук банктын алтын валюталык резерви 253 миллион долларга көбөйгөн

Жазылуу
Учурдагы көлөм 2002-жылдан берки убакыт аралыгындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Белгилей кетсек, ошол мезгилден берки маалыматтар ачык жарыяланып келет.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Былтыркы жылы Улуттук банктын алтын валюта резерви 254 миллион долларга чукулдап, тарыхый чекке жетти. Бул туурасында аталган банктын сайтында маалымдалды.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги январда 1,3 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгарат
Өткөн жылдын башында эл аралык алтын валюта резерви 2 миллиард 170 миллион 440 миң долларды түзгөн, ал эми 31-декабрга чейин 2 миллиард 424 миллион 110 миң долларга чейин өскөн.

Мындайча айтканда, резерв бир жылда болжол менен 253 миллион 670 миңге же күнүнө 695 миңге көбөйгөн.

Учурдагы көлөм 2002-жылдан берки убакыт аралыгындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Белгилей кетсек, ошол мезгилден берки маалыматтар ачык жарыяланып келет.

Алтын валюталык резерв Улуттук банкка сомдун кунун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв 10дон ашык валютадан, CDR (карыз алуу боюнча атайын укук — жасалма резерв жана Дүйнөлүк банктын төлөө каражаты) жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0