Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкектеги акы алган автоунаа токтотуучу жайлар: тариф, өзгөрүү, пландар

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр бишкектиктер мэриянын акы алган автоунаа токтотуучу жайлар туурасында сунушун бир топ талкуулаган. Азыр бул долбоорду автоматташтыруу маселеси боюнча иш кайсы стадияда экенин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окууга болот.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы үч зонадагы автоунаа токтотуучу жайлардын баасы өзгөрүшү мүмкүн. Бул туурасында "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов айтып берди.

Маалыматтар "Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлардын баасын жогорулатуу" деп аталган басма сөз жыйынында айтылды.

Момоконовдун билдиргенине караганда, Бишкекте бул жааттагы система автоматташтырылганга чейин баалардын кымбатташын караган убактылуу жобо иштеп турат. Учурда ал Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн.

"Долбоор боюнча шаарды үч зонага бөлгөнбүз. Жободо 40 сом биринчи аймакка каралган. Ал Чыңгыз Айтматов, Жибек Жолу, Ибраимов, Ахунбаев көчөлөрүнүн аймагы. Андан сырткары, соода жайлары менен базарлардын айланасындагы жерлер кирет. Экинчи зонага 20 сом төлөнөт. Бул Фучик, Түштүк магистраль, Алматы көчөлөрүнүн жана Чоң Чүй каналынын түндүк тарабы. Ал эми калган жерлер үчүнчү зонага кирет, бул жерде автоунаа токтотуу акысыз болот", — деген ал.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия акы алынчу унаа жайлары каякка жайгашарын айтты. Акысы жана картасы
Автоматташтырылган система киргенден кийин биринчи зонадагы сааттык тариф 10 сомду, экинчи зонада 5 сомду түзөрү айтылды. Момоконов бул алдын ала түзүлгөн баа экенин билдирип, жаңы система быйылкы жылдан тарта иштеп баштарын кошумчалады.

Андан сырткары, документтерди иштеп чыгуу, тендерди даярдоо 2018-жылы башталгандыгына токтолду.

"Мамлекет менен жеке тараптардын өнөктөштүгү акырындап алдыга жылууда. Анткен менен муну толуктап иштеп чыгууга убакыт керек. Максат — шаардыктардын акчасын кагып алуу эмес, тескерисинче, тургундардын кызыкчылыгын көздөп жатабыз. Бизде дал ушул багытты изилдеген институттар, адистешкен кесипкөйлөр жок. Андыктан бардык майда-чүйдөлөрүн иш учурунда үйрөнүп, андан соң гана толугу менен ишке ашырууга болот экен", — деген Момоконов.

Ишкана кайсы жерге акы төлөгөн автоунаа жайларын орнотсо болот, кайсы аймактарда болбой тургандыгын иликтеп, караштырып жатат. Тагыраагы, кыймылды жеңилдетүү зарыл деген жерлерде гана акы төлөгөн жайлар ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0