Топтогон тыйынды жаздык алдында же байпакка катып сактаган жакшы деген да пикир бар. Бир жагынан бул ишенимдүү жол, бирок инфляция байпакты кыйла жукартып кое турганын унуткарбоо кажет.
Бир казына таап алдыңызбы, таякеңиз тартуу кылдыбы, айтор, 100 миң сом топтодуңуз дейли.
Келиңиздер, бир аз эселентип алуу үчүн кандай жолдор бар экенин, канчалык кирешелүү жана кандай тобокелдиктери бар экенин карап чыгалы.
2015-жылдан бери Улуттук банк кыргызстандыктарды акчасын алтын түрүндө сактай билиши үчүн сатыкка алтын куймаларын чыгарууда. Куймалардын 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы баш-аягы алты түрү бар. Ушуга чейин 220 килограммдан ашуун баалуу металл сатылган.
Өлкөнүн башкы банкы алтын куймаларын сатып гана тим болбостон, жарандардан кайра сатып да алат. Сатуу жана сатып алууда баа күн сайын алмашып, Баалуу металлдар рыногунун лондондук ассоциациясынын андан мурунку күнкү фиксингине жараша коюлат.
Баанын өйдө-ылдый болушунан деле дурус акча табууга болот. Маселен, 2015-жылдан тарта бир грамм салмактагы куйма алтындын баасы 1,2 миң сомго чейин же 30 пайызга өстү. Демек, Улуттук банктан куйма алтын сатып алып, кийин кайра өзүнө сатып ушунча пайда табууга болот. Ал эми эң чоң салмактагы, тагыраак, 100 граммдык куймадан бул жылдар аралыгында 117 миң сом же 50 пайыз киреше алууга болмок.Былтыр алтын куймаларынын баасы айрыкча өскөн. Бул тажрыйба мындай алтын куймалары келечекте акча сактоо гана эмес, анын санын арттыруунун бир жолу экенин айгинеледи. Бирок баары баалуу металлга болгон дүйнөлүк баага жараша. Башкача айтканда, дүйнөлүк рынокто алтын баасы төмөндөп кетсе, жогорулаганча күткүчө же акчага зарылып турсаңыз, арзан түшсө да сатууга туура келет.
Инвестициялоонун башка бир варианты — коллекциялык монеталар, адатта булар жез-никель, чанда күмүш жана өтө сейрек алтындан куюлат. Бир нече жыл мурун Улуттук банк жез-никель монетасынын бир түрүн 350 сомго саткан, сатык аягына чыккандан көп күн өтпөй, ошол эле монета колдо 500 сомдон кем эмес баада сатылган.
Кемчиликтеринин бири — эгер дароо акча керек болсо, жакшы баада сатып үлгүрө аларыңыз арсар. Бирок коллекционерлер үчүн мындай монеталар өтө кызык.
Кыргызстанда жеке да, мамлекеттик да баалуу кагаздар чыгарылат. Ар бирин өзүнчө талдап чыгалы.
Мамлекеттик баалуу кагаздар — казыналык векселдер (бир жылга чейинки мезгилге 4-5 пайыз кирешеси менен) жана кирешеси 6 пайыздан 11 пайызга чейинки 2 жылдан 10 жылга дейре айлантылчу казыналык облигациялар. Жеке тараптар банк аркылуу гана сатып ала алышат.Жеке баалуу кагаздар биринчи кезекте облигация жана акцияларга бөлүнөт. Облигациялар белгилүү бир мөөнөткө бекитилген пайыз (ал дароо жазылат) менен чыгарылат. Үстөгү ар кыл, 15 пайыз менен да, 22 пайыздыгын да табууга болот.
Ал эми акциялардын кирешелүүлүгү ишкананын каржылык ийгиликтерине жараша аныкталат. Ошол себептен сатып алуудан мурун бардык шарттарын карап, ошондой эле компаниялардын отчетторун, беделин жана каржылык абалын талдоо зарыл. Андан тышкары, брокерлер менен да кеңешип иш кылыңыз.
Эсиңиздерге дароо сала кетели, аманат (депозит) жана эсеп — бул эки башка нерсе. Эгер эсебиңизде акча сактасаңыз, сизге пайыз чегерилбейт, бирок каалаган убагыңызда алсаңыз болот. Аманат сиз тандаган мөөнөткө салынат, пайызы төлөмдөрү боюнча төлөнөт. Бирок мөөнөтүнөн эрте алгыңыз келсе, келишимди жокко чыгарган соң гана акчаңыз колуңузга тиет. Буга бир топ убакыт талап кылынат.
Адатта аманаттык эсепке адамдар эки себеп менен: пайызы топтолгон акчаны инфляцияга жедирбеш үчүн жана акчаны болор-болбос нерсеге сарптап жибербеш үчүн акча салат.
Негизи салымдар сом же доллар түрүндө салынат. Доллар менен салынганда пайыз төмөн болот. Мисалы, бир жылга банкка улуттук валютада 9-9,5 пайыз менен салсаңыз, доллар түрүндө 2,5-3 пайыз гана болот.
Эске салсак, мамлекет 200 миң сомго чейинки салымдарга кепил болот.
Бирок тегеректеги уурулар менен карышкырларды унутпоо керек. Ошондуктан мындай салымдын тобокелдиктерин алдын алуу үчүн эң оболу ишенимдүү чабан тапканыңыз оң.
Кандай болгон шартта да акчаны бир жакка салууну чечсеңиз, анда рынокту, бардык шарттарын жана башка параметрлерин тыкыр изилдөөңүз абзел. Бул багыттагы адистердин кеңешин да тыңдооңуз керек, ошондо тобокелдиктерди болушунча азайтып, киреше алууга болот.
БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бири узаган жылы чыгымга учураса, калганынын иши кирешелүү болду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Өлкөдө 23 банк иш алып барат. Анын 22си жалпысынан 4 миллиард 124,2 миллион сом тапкан.
Узаган жылдын жыйынтыгы боюнча бир каржы-насыялык мекеме 1 миллиард 551,5 миллион сомго чыгымга учурады. Кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес.Мындан тышкары, беш банктын лицензиясы артка кайтарылып же такыр берилбей калуу алдында турат. Алардын экөө жалпысынан 3,8 миллион сом пайда тапса, үчөө 4,3 миллион сомго чыгашага учураган.
Эске салсак, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк, анын ичинде ички экономика жабыр тартты. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылы өкмөт бир катар насыяларды төлөө мөөнөтүн узарткан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер евразиялык ишкерлер жана демилгечилер сынагынын алкагында үч долбоор сунуштады. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министр Артак Камалян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Сынак былтыр май айында жарыяланган. Жакшы долбоорлорго инвестициялык колдоо көрсөтүү каралууда.
Камаляндын айтымында, өткөн жылы күзүндө 80ден ашуун долбоор келип түшкөн. Мындай конкурс жыл сайын өтүп турмакчы.
"Кыргызстандан үч долбоор келген. Экөө курулушка, бири жаңгакты кайра иштетүүгө байланыштуу. Менин билишимче, Кыргызстандын бийлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө туристтик эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорду карап жатышат. Бул абдан жакшы иш", — деди ЕЭК министри.
Камалян жеңүүчүлөргө долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилерин белгиледи.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.