Көлдү айланган 80 чакырымдык жол. КР 116 млн. долларлык насыядан кантип кутулат

Жазылуу
80 чакырым жолду реконструкциялоо ишине 128 миллион доллар талап кылынат. Транспорт министрлиги Сауд Аравиясынын кайсы уюму акча бөлөрүн айтты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинен саудиялык уюмдардын кайсынысы Балыкчы — Каракол — Балыкчы (Ысык-Көл шакекчеси) унаа жолунун реконструкциялык иштерине кредит бөлөрү жана ал кандай жол менен кайтарылары айтылды.

Кыргызстан менен Аравиянын координациялык топторунун ортосундагы жолдорду реконструкциялоого байланышкан макулдашууга Эр-Рияд шаарында өткөн жылдын 16-декабрында кол коюлган.

Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк — Түштүк трассасынын бир бөлүгүндө акы алынмай болду
Бул жерде сөз Ысык-Көл районунун Корумду айылынан Түп районунун Балбай айылына чейинки ( 104-184,5 чакырым, көлдүн түндүк тарабы) тууралуу жүрүүдө. Көлдүн айланасындагы жолдун узактыгы 442 чакырымды түзөт.

Араб координациялык тобунун курамына Сауд өнүгүү фонду, Кувейттин араб экономикалык өнүгүү фонду, Абу-Даби өнүгүү фонду, Эл аралык өнүгүү фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы кирет.

Эгер долбоор ратификациядан өтсө, Кыргызстан:

  • Сауд өнүктүрүү фондунан 35 миллион доллар алат. Шарты: насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү — 5 жыл жана үстөгү — бир жылга 1 пайыз.
  • Кубейттин араб экономикалык өнүгүү фондунан 28,90 миллион доллар. Шарты: насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү — 5 жыл жана үстөгү — бир жылга 2 пайыз.
  • Абу-Даби өнүгүү фондунан 22 миллион доллар. Шарты: насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү — 5 жыл жана үстөгү — бир жылга 2 пайыз.
  • Эл аралык өнүгүү фондунан 10 миллион доллар. Шарты: насыя мөөнөтү — 23 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү — 5 жыл жана үстөгү — бир жылга 2,5 пайыз.
  • Ислам өнүктүрүү банкынан 20 миллион доллар алат. Шарты: насыя мөөнөтү — 23 жыл, жеңилдик берүү мөөнөтү — 7 жыл жана үстөгү — бир жылга 1,5 пайыз. Транспорт министрлиги бул мамлекеттин бюджетине көп оорчулук келтирбей турганын айтууда.

Автомобильные пробки на Новорижском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда автоунааны каттатуу 2020-жылы канча турат? Калькулятор
Жыйынтыгында 115,9 милион доллар болот. Буга кошумча кыргыз өкмөтү курулуш иштерине кеткен чыгымды жабууга, ага байланыштуу иштерге, мүлккө жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө, салыкты кайра кайтарууга 12,1 миллион доллар бөлмөкчү.

Өкмөт 2025-жылдан 2044-жылга чейин насыяны бир жылдан эки ирет — 15-январда жана 15-июлда төлөп турууну пландоодо.

Маалыматка ылайык, жол тротуары, аялдамалары, суу лотоктору, жарыктандыруусу, көпүрө жана веложолдору камтылган төрт тилкелүү унаа трассасы болот.

Долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0