Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил Национальный банк Кыргызской Республики (НБКР)

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыккан Дата борбору ачылды. Функциясы

126
(жаңыланган 19:14 17.01.2020)
Дата борборунун иши — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банк көзөмөлү алкагында банк отчёттуулугун алуу жана иштеп чыгуу, электрондук документ жүгүртүү.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) ишке киришти. Бүгүн анын иши менен таанышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков барганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Центр обработки данных (Дата центр) НБКР
    Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) ишке киришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил Национальный банк Кыргызской Республики (НБКР). 17 января 2020 года
    Бүгүн анын иши менен таанышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков барганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIEV SULTAN
  • Центр обработки данных (Дата центр) НБКР
    Бүгүн анын иши менен таанышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков барганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил Национальный банк Кыргызской Республики (НБКР).
    Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун текшерүүсүнөн өткөн Орто Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Деятельность Центра обработки данных (Дата центр) НБКР
    Анын айтымында, Дата борбору төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүн иштелип чыккан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) ишке киришти.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун текшерүүсүнөн өткөн Орто Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди. Анын айтымында, Дата борбору төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары, банк көзөмөлү алкагында банк отчёттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылат.

Жээнбеков банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин айтты.

"Мындай масштабдуу долбоордун жергиликтүү компания тарабынан ишке ашырылганы абдан кубандырат. Биздин IT-адистерибиздин дарамети чоң, эгерде колдоо болсо, алар көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыра алышат", — деди Жээнбеков.

Президент Дата борборунун ишке кириши жалпы банк системасынын маалыматтар менен алмашуу коопсуздугун жогорулатарын кошумчалады.

"Дата борборунун ишке кириши жарандарыбыздын банк системасына болгон ишенимин арттырат. Ошондой эле региондордогу жана элетте жашаган калк үчүн банк жана финансы кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат", — деди ал.

Жээнбеков финансы ресурстарын өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

126
Белгилер:
система, Улуттук банк, Кыргызстан, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Улуттук банк быйыл дагы жеңилдетилген ипотекалык насыя берет
Улуттук банктын алтын валюталык резерви 253 миллион долларга көбөйгөн
Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында. Архив

Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду

78
(жаңыланган 18:25 25.11.2020)
Бюджеттин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырды.

Кийинки жылга карата бюджеттин долбоору менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырды. Эл өкүлдөрү сунуштарын берип, алымча-кошумчаларды эске алуу менен биринчи окуудан колдоп беришти.

Республикалык бюджеттин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда. Бул 2020-жылдын биринчи кабыл алынган бюджетине салыштырмалуу 610 миллион сомго аз. Ал эми кайра өзгөртүлгөндөн кийинки бюджет боюнча 25,9 миллиард сомго көбөйөт.

Чыгаша бөлүгүн 170,1 миллиард сом менен бекитүү сунушталууда. Муну менен бюджеттин тартыштыгы 7,1 миллиард сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын бюджети алгачкы ирет кабыл алынганда кирешеси 163 миллиард 610 миллион сом, чыгашасы 171 миллиард 563 миллион сомду түзгөн. Дефицит 7 миллиард 953 миллион сом деп белгиленген. Бирок коронавирустун жана өлкөдөгү саясий башаламандыктын кесепетинен улам эки ирет өзгөртүлдү.

78
Белгилер:
дефицит, кароо, Парламент, бюджет
Тема боюнча
Алдыдагы эки шайлоого 853 млн. сом керек. Акча кайдан табылары белгисиз
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Кыргызстандын жана Кытайдын желектери. Архив

Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады

552
(жаңыланган 18:08 25.11.2020)
Депутаттар насыя төлөө мөөнөтү кандай шарт менен узартылып жатканын, анын ичинде Кытайдын позициясына кызыкты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн төрт жылга чейин жылдырууга даяр. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте 2021-жылдын бюджети каралып жатканда билдирди.

Депутаттар насыя төлөө мөөнөтү кандай шарт менен узартылып жатканын, анын ичинде Кытайдын позициясы кандай экенине кызыкты.

"Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кытай тараптан карызды транштар боюнча топ-топко бөлүп төлөөнү төрт жылга жылдыруу сунушталды. Бирок бул аралыкта эки пайыздан үстөк кошулуп турат. Муну эсептей келгенде кийин кошумча дагы 2,9 миллиард сом төлөөгө туура келет", — деди Новиков.

Финансы министрлиги 30-сентябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион доллар экенин билдирди. Ал эми жыл башынан бери 9 миллиард 991 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Анын ичинен 7 миллиард 446 миллион 400 миңи — негизги сумма, калганы пайыздары. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8,4 пайызын түзөт.

Ал эми кийинки жылга карата тышкы карызды тейлөө боюнча божомолду дагы айтышты. Анда төлөмдөр 19 миллиард 998 миллион 500 миң сом деп каралууда. Негизги суммасы — 14 миллиард 997 миллион 900 миң сом, пайызы — 5 миллиард 700 миң сом.

Финансисттер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилеп келишет. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.

552
Белгилер:
шарт, жеңилдик, төлөө, Кытай, насыя
Тема боюнча
Новиков КЭР элчиси менен "Торугарт" жана "Эркечтамдын" ишин жандантууну кеп кылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты