Мэрия Бишкектин насыялар боюнча канча карызы бар экенин айтты

Жазылуу
Азыр борбор калаанын карызы — 1,6 миллиард сом. Бул сумма автобус жана троллейбус сатып алуу максатында алынган кредиттин негизинде түзүлгөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын насыя боюнча карыздары тууралуу мэрдин экономика жана финансы саясаты боюнча биринчи орун басары Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда айтып берди.

Билдирүүгө караганда, насыялар боюнча карызды төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.

"Азыр борбор калаанын карызы — 1,6 миллиард сом. Бул сумма автобус жана троллейбус сатып алуу максатында алынган кредиттин негизинде түзүлгөн. Мындан тышкары, "Бишкек суу каналы" ишканасы аркылуу суу эсептегичтери коюлуп, башка да иштер жасалган", — деди Бакетаев.

Ал кошумчалагандай, "учурда карыз боюнча абал туруктуу" болгондуктан, дагы кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0