Кыргызстанда акчанын көлөмү абсолюттук рекорд койду

Жазылуу
Улуттук банктын маалыматына ылайык, жүгүртүүдөгү акча 106 миллиард 244,8 миллион сом болсо, акча базасы 118 миллиард 65,4 миллион сомду түзгөн.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. 1-январга карата Кыргызстанда акчанын саны абсолюттук рекорд койду. Буга Улуттук банк жарыялаган үч маанилүү көрсөткүч далил.

Жүгүртүүдөгү акча — 106 миллиард 244,8 миллион сом (мурдагы рекорд — былтыркы жылдын сентябрь айынан баштап 104,2 миллиард сом);

Акча базасы — 118 миллиард 65,4 миллион сом (мурдагы рекорд — былтыр сентябрдан бери 117,3 миллиард сом);

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектин насыялар боюнча канча карызы бар экенин айтты
Кеңири аныктамадагы акча базасы — 125 миллиард 68,3 миллион сом (мурдагы рекорд — былтыр ноябрдан бери 120,5 миллиард сом).

Ал эми декабрдын башына салыштырмалуу акчанын көлөмү январга карата 3,9-5,6 миллиард сомго көбөйгөн.

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;

Акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;

Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.

Жаңылыктар түрмөгү
0