АКШ долларлары. Архив

Жети жылдан кийин тышкы карыз кыстачу күн келеби? Министрлик эмне дейт

864
(жаңыланган 15:03 22.01.2020)
Үч жылдан кийин Кыргызстан үчүн тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру башталат. Мисалы, былтыр ички жана тышкы карызды төлөөгө 400 миллион доллардын тегерегинде каражат жумшасак, 2027-жылы тышкы гана карызга ушунча акча керек болот. 

Кыргызстан 2023-2031-жылдар аралыгында мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн көбүрөөк төлөп, 2027-жылы (эң көп акча төлөнчү жыл) тышкы карыз үчүн 400 миллион доллар бериши керек. Былтыр дал ушундай эле суммадагы каражаттын тең жарымы тышкы, тең жарымы ички карызга жумшалганын эске алсак, маселе ойлонтпой койбойт.

Бул жылдары бюджет кайсы каражат булактары менен толтурулат, казына бөксөрсө башка социалдык төлөмдөр кармалбайбы, пенсия, жөлөк пулдарды төлөө кыйындабайбы деген суроо менен Финансы министрлигине кайрылганбыз. Бизге министрликтин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков менен премьер-министрдин кеңешчиси, экономист Кубат Рахимов жооп берди.

Таблицада көрүнүп тургандай, Кыргызстандын эң ири кредитору — Кытай. Биз дагы ага карызы эң көп беш өлкөнүн катарын толуктаганбыз. Карызыбыздын 45 пайызын дал ушул коңшудан алганбыз. Тагыраак айтканда, 3,8 миллиард доллар бересе болсок, анын 1,7 миллиарды — Кытайдын акчасы.

Финансы министрлигинин өкүлү Татиковдун айткандарына караганда, мындан ары Кытайдан карыз албайт окшойбуз.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков
"Шарт боюнча бир кредитордон жалпы карыздын 50 пайызынан ашпаган акча ала алабыз. Мисалы, Кытай тараптан өзүбүздү чектейбиз. Мунун негизги максаты — кооптуу жагдайлардын алдын алып, мамлекеттик карыздын туруктуулугун камсыздоо", — деди адис. 

Эл ичиндеги "Кытай алдында карызыбыздан кутула албасак, жерлерибизди алдырып ийишибиз мүмкүн" деген пикирге Татиков төмөнкүдөй жооп берди.

"Бул акылга сыйгыс нерсе. Биз карыздан мөөнөтүнөн кечиктирбей кутулуп жатабыз. Мындай шартта эч ким жерибизди ала албайт. Кытайдын насыя берген Экспорттук-импорттук банкынан жыл сайын адистер келет. Алар карыздан кутулууга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар деп айтууда", — деди ал.

Эске салсак, сентябрь айында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламентте кытайлык Экспорттук-импорттук банкы менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан эле. Бирок Кытай тарап кийин "карызды төлөп берүүгө дараметиңер жетет" деген таризде биздин өтүнүчтөн баш тартканы белгилүү болгон.

Сүйлөшүүлөр демекчи, министрликтен билдиришкендей, карызды кыскартуулар боюнча былтыр Германиянын KfW банкы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда кыргыз тарап карызын конверсиялоого (бересе болгон  тарапка пайдалуу өзгөртүүлөр, — ред.) жетишкен.

"Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 14,9 миллион еврону (жалпы карыз 76,3 миллион) кыскартып беришти. Башкача айтканда, ошол каражатты өз бюджетибизден таап, алардын атынан Мамлекеттик ипотекалык компанияга салабыз. Демек каражат өлкөнүн ичинде калып жатат", — деди Татиков.

Ал эми өкмөт бул каражатты МИКке үч жыл ичинде ар жылы 5 миллион доллардан салууну пландап жатат.

Албетте, бул жакшы кабар. Бирок биз KfW банкынан тышкары 20дан ашык эл аралык уюмдардан алганыбызды кайтарып беришибиз керек. Болгондо дагы максималдык төлөмдөр жакынкы жылдарга туура келет.

Татиковдун айтымында, карызды төлөй албай калабыз же ички керектөөлөргө акча жетпейт деп чочулоого негиз жок.

"2027-жылы төгүлчү 400 миллион доллар акча деле чоң сумма эмес, азыр деле биз тышкы карызга мунун тең жарымын төлөп келе жатабыз. Биз 400 миллион төлөчү учурга чейин жети жыл бар. Ага чейин экономикабыз алда канча өсүп калат деген божомолдор айтылууда. Анткени жети жыл мурдагы абалыбызды көрсөңөр, азыркы менен салыштырып болбойт. Андыктан карызды төлөөгө келгенде бюджеттик секторлорго акча калбай калат деген түшүнүк болбошу керек", — деди Татиков.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик карызы ички дүң продукциясынын (ИДП) 250 пайызын түзгөн Япония ички карызынан кутулуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарганын кошумчалады. Ошол эле учурда кайра Күн чыгыш өлкөсүнүн ички карызы жалпы бересесинин 99 пайызын түзөрүн эске салды. Ал эми биздин ички карыз 16 гана пайызды түзөт (722 миллион доллар). Андыктан бул көрсөткүчтөрдү салыштырып болбойт.

Анткен менен азыр тышкы карыз боюнча эч кандай кооптончу жагдай жок экенин премьер-министрдин кеңешчиси Кубат Рахимов дагы айтат.

Председатель комитета Торгово-промышленной палаты КР Рахимов Кубат на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Премьер-министрдин кеңешчиси, экономист Кубат Рахимов

"Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, элдин алдын ала тынчсызданып жатканы туура. Анткени ар кандай жагдайларга даяр болуп, бир нече сценарий түзүп коюшубуз керек. Бирок азыр анчалык кооптончу абал эмес. Дүйнөлүк банктын кызматкерлери мамлекеттик карыз ИДПнын 60-70 пайызынан ашпашы керек деп эсептейт. Бирок бул туруктуу өнүгүү жолундагы өлкөлөргө карата айтылган. А биз жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкө экенибизге карабай, карызыбыз ИДПнын 65 гана пайызын түзөт", — деди Рахимов.

Бирок мындай пикирлер менен экономист Расул Түлеев макул болгон жок. Анын айтымында, азыркыдан эки эсе көп төлөп калчу учурдан көйгөйсүз өтүү үчүн атайын программа иштеп чыгуу керек.

Экономист Расул Тулеев
© Фото / Бексултан Окенов
Экономист Расул Тулеев
"Эң биринчиден, бюджеттин дефицитин жоюп, ал тургай профицитке жеткиришибиз керек. Ооба, экономикабыз өсөт, бирок ага жараша толгон-токой талаптарыбыз бар. Мисалы, кура турган жолдор, курууга, ремонтко муктаж болуп жаткан ГЭСтер, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объктилер. Керек болсо бул талаптарыбызга өзүбүз тапкандан дагы көп акча керек. Демек биз карызды төлөө үчүн экономиканын өсүшүнөн түшкөн акчаны төлөйбүз деген туура эмес прогноз, керек болсо элди алдагандык", — деди экономист.

Белгилей кетсек, азыр Кыргызстандын тышкы карызы 3,8 миллиард доллар болсо, ички карыз 722 миллион долларга жетти.

864
Белгилер:
каражат, бюджет, Кубат Рахимов, Тышкы карыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын тышкы карызы кыскарды
Кыргызстан Кытайга ири карызы бар беш мамлекеттин катарына кирди. Изилдөө
Мамлекеттик карызга кетчү төлөм миллиарддап өсөт. 2021-жылга чейинки график
Кытай Кыргызстандын карызды кечүү боюнча өтүнүчүнө жооп берди