Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт 1 миллион тоннадан ашты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь айынан декабрга чейин өндүрүлгөн сүттүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга, тагыраагы, 38 миң тоннага көп болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн көлөмү өсүп, 1 миллион 627 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Январь айынан декабрга чейин өндүрүлгөн сүттүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга, тагыраагы, 38 миң тоннага көп болгон.

Муну адистер республика боюнча саан уйлардын башы көбөйүшүнө байланыштырат.

Улуттук статистика комитетиндеги маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстан боюнча 1 миллон 627 миң уй болгон. Былтыр бул сан дагы 228 миңге өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0