Өкмөт: Кытайдан эт жана жер-жемиш киргизүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСупермаркет "Перекресток" в Москве
Супермаркет Перекресток в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүгө караганда, чек коюулар Кытайда чыккан коронавирус боюнча абал жакшырганга чейин кармалып турмакчы. Өкмөттөн кошумчалашкандай, товарлардын башка түрлөрүн киргизүүгө бөгөт коюлган жок.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Кытайдан эт жана жер-жемиштердин айрым түрлөрүн алып келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, чек коюулар аталган өлкөдө чыккан коронавирус боюнча абал жакшырганга чейин кармалып турмакчы. Өкмөттөн кошумчалашкандай, товарлардын башка түрлөрүн киргизүүгө бөгөт коюлган жок.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, Кыргызстанда Кытайдан өрдөк эти жана жер-жемиштерден алма, банан, мандарин, грек жаңгагы жана сарымсак келчү. 

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Кытайга барып-келүү кайсы убакка чейин чектелгендигин айтты
Эске салсак, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус боюнча абал турукташканга чейин бардык Кытайга барып-келүү токтотулганын айткан.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында өпкө оорусуна кабылткан белгисиз оору жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландан жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Кытайдан башка бир нече мамлекетте да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Буга байланыштуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Кыргызстанда да мындай абал көзөмөлгө алынып, ТИМ мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 2,8 миң адамга жугуп, 80 кишинин өмүрүн алды. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0