Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 380 млн. долларлык долбоор каржылады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Российского-Кыргызского фонда развития (РКФР)
Деятельность Российского-Кыргызского фонда развития (РКФР) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 77,5 миллион доллар суммасындагы долбоорлорду колдогон. Аталган фонд 2014-жылы түптөлгөн.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 1-январга карата Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 379 миллион долларлык 2249 долбоорду жактырды. Бул туурасында аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев журналисттер менен жолукканда билдирди.

Ал жогоруда сумманын 202 миллион доллары ири долбоорлорго каралгандыгын айтты.

Буга чейин жазылган долбоорлордун көбү шаардан түшкөн сунуштарга жумшалса, былтыркысынын бир тобу (83 пайызы) аймактарга кеткен. 

"Өткөн жылы 77,5 миллион доллар каражат бөлүндү, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 1,8 эсе көп дегендик. Бизнес 2018-жылга карата бир топ эле активдүү болду", — деп айтып берген Асрандиев.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде түптөлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион доллар болгон каражатты РФ кайтарымсыз негизде берген. Мындан сырткары, зарылдык болсо дагы ушунча сумманы карызга караштыруу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0