Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоо үчүн Таласта долбоор издеп жатат

© Фото / пресс-служба РКФР Член правления РКФР Эркин Асрандиев
Член правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан долбоор 350 миң долларга чейинки сумма менен каржыланат. Былтыр Баткен жана Нарын облусундагы ишкерлер мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Талас облусу боюнча стартап долбоор издеп жатат. Бул тууралуу фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Нарын, Баткен жана Талас облустары боюнча бирден стартап долбоор изделген. Анын ар бири 350 миң долларга чейинки сумма менен каржыланмак. Негизги талап — өзүндө дагы акчалай салым болуп, жергиликтүү сырье колдонулушу керек. Баткен жана Нарын облустарында долбоорлор табылган.

"Талас облусу боюнча быйыл кайра издейбиз", — деди Асрандиев.

Ал кошумчалагандай, бул аймакта мурда сунушталган долбоорлор келечексиз болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0