Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн бизнес долбоорлорун каржылайт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүПроизводство молочных продуктов в Иванове
Производство молочных продуктов в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"2020-жыл — Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы" деп жарыяланган. Анын алкагында долбоорлорду каржылап, форум уюштуруу пландалууда.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргыз-орус бизнес долбоорлорун каржылоону пландап жатат. Бул тууралуу фонддун башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Олег Кудяков журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Ал быйыл Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы экенин эскертти.

"Сөз бирдиктүү бизнес долбоорлор жөнүндө болуп жатат. Ага Россияга продукцияларды экспорттоо жана россиялык технологияларды импорттоо дагы кирет", — деди Кудяков.

Мындан сырткары, жазында эки өлкөнүн ишкерлери менен биргеликте бизнес-форум өткөрүү пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0