Офис кызматкерлери. Архив

Жаштарды жумушка алган ишкананы салыктардан бошотуу сунушталды. Жол-жобосу

592
(жаңыланган 11:18 31.01.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттары жаштарды жумушка алган ишканаларды киреше салыгы менен Cоциалдык фонддун төлөмдөрүнөн бошотуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага улай эле аларга 10 миң сомдон кем эмес маяна төлөтүүгө ниеттенүүдө.

Аталган мыйзам долбоору шаршемби күнү парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Sputnik Кыргызстан агенттиги жол-жобосун элге түшүндүрүп бермекчи.

Мыйзамдын максаты

Мыйзам долбоору жаш адистердин кесиби боюнча ишканалардан стажировкадан өтүүсүнө, жумуш менен камсыздалышы, теориялык алган билимин практика жүзүндө бекемдөөсүнө багытталган. Ошондой эле жаштарга социалдык колдоо көрсөтүү жана потенциалын жогорулатуу ниетинде жазылган.

"Жаш адистерди, студенттерди стажировкага алуудан баш тарткан учурлар көп байкалат. Анткени алар үчүн да киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу (Cоцфондго) төлөө шарт. Жаштардын эмгек тажрыйбасы жок болгондуктан жумушка орношууда тосколдуктарга тушугуп келишет. Бул алардын чет өлкөгө кетишине себеп болууда", — деп баяндалат негиздемеде.

Долбоордо жаштарды стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк жараткан ишканаларды шыктандыруу нормалары сунушталган.

Иш берүүчүлөр кандай пайда көрөт?

Жаш курагы 28ден ашпаган жаран стажировкадан өтүү үчүн ишкана менен окутуу келишимин түзөт. Ага ылайык, жаш адистерге 10 миң сомдон кем эмес маяна төлөп берет. Ошол эле учурда компания стажер үчүн 12 ай бою киреше салыгы менен социалдык чегерүүлөрдү төлөбөйт. Андан соң катардагы кызматкерлердей эле каралат. Себеби жаштар бир жылда тажрыйба топтоп көп маяналуу иштерди аркалоого жөндөмдүү болуп калат.

Мындай жеңилдик жалпы штаттын 15 пайызына чейин гана берилет. Мисалы, бир компанияда иштеген 100 кызматкердин 15и жаштар болсо алар салыктан бошотулат. Андан ашкандан кийин же 16-адамга жеңилдик берилбейт. Себеби баары жаштарды ишке ала берсе, башка курактагылардын укугу тебеленип калат.

Практикалык окутууга өтүү

Мыйзам долбоорунда дуалдык окутуу системасын киргизүү да сунушталууда. Ага ылайык, кесиптик окуу жайларда сабактардын 20 пайызы теория, 80 пайызы практика жүзүндө окутулат. Бул өз тармагы боюнча иштеп, ошол эле учурда эмгек акы алып турат дегенди түшүндүрөт.

Өндүрүштүк окутууну жана кесиптик практиканы өткөрүү үчүн жумуш ордун берүүчү ишкана менен окуу жай дуалдык окутуу жөнүндө келишим түзөт.

Тобокелчиликтер

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бюджеттик мекемелерде минималдык эмгек акы (оклад) 2700 сом, базалык коюмдун (ставка) эң төмөнү 5000-7000 сом экенин билдирди.

Заместитель министра финансов КР Улукбек Кармышаков
© Фото / пресс-служба ЖК
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков
"Мурда иштеп жүргөн кызматкерлерге салыштырмалуу стажерлорго 10 миң сом маяна төлөө карама-каршылыкты жаратат. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жетектөөчү адистердин айлыгы 10 миңге жетпейт. Бул мыйзам иштеп баштаса, жылына кошумча 492 миллион сом талап кылынат", — деди Кармышаков.

Ошондой эле ал учурда бюджеттик мекемелерде 500 миңдей кызматкер иштей турганын айтты. Демек жаштардын 15 пайызы жеңилдик алып калса, Салык кызматы менен Соцфондго бир жылда 3 миллиард сомго жакын түшпөй калышы ыктымал.

Мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрү эгер аталган мыйзам долбоору ишке ашып калса коррупциялык тобокелчилиги болушу мүмкүн экенин белгилешти. Киреше салыгынан качууга жол ачылып, ишкана студенттерди стажер катары алды кылып отчет жазып коюшу ыктымал дешти.

Ал эми Салык кызматынын төрага орун басары Айдай Карагулованын айтымында, былтыр киреше салыгынан 10,5 миллиард сом чогулган. Өлкөдө жеке ишкерлер менен юридикалык жактардын саны 300 миңге чукулдайт.

Чет өлкөгө кеткен жаштардын агымы токтойбу

Демилгечилердин башында турган депутат Абдывахап Нурбаев мыйзамдын негизги максаты жаштарды чет жакка чыгарбай кармап калуу экенин билдирди.

Депутат ЖК Абдывахап Нурбаев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев
"Жаштар мектепти бүтүп Россияга жана башка өлкөлөргө кетип калууда. Чет жакка кеткен 750 миң кыргыздын 70-80 пайызы жаштар деп ойлойм. Мамлекет төрөт үйүндө карайт, бала бакчада, мектепте, университетте окутат. Анан иштегени келгенде чет жакка кетип калууда", — деди Нурбаев.

Ал эми депутат Жанар Акаев жаштар Кыргызстандын калкынын 30 пайызын түзөрүн белгиледи.

Депутат ЖК от фракции СДПК Жанар Акаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК депутаты Жанар Акаев
"КР мыйзамдарында 14төн 28 жашка чейинкилер "жаш" деп эсептелет. Алардын саны өлкөдө 1,7 миллион, калктын 30 пайызын түзөт. Бул абдан чоң катмар. Жаштарга көңүл бөлбөгөндө, анан кимге кам көрөбүз. Акылдуу, ишке жарамдуу эмгек күчүбүз сыртка агылып кетүүдө. Жаштарга басым жасап, эртеңки келечекке кам көрүү шарт", — деди Акаев.

Депутат Элвира Сурабалдиева жаштарды колдоого багытталган иштен бюджет чыгымга учурайт дегендин ордуна 40 пайыздык чекке жеткен көмүскө экономиканы аныктоо керектигин белгиледи.

Сунушталган мыйзам ченемдер жаш адистин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана адистиги боюнча стажировкадан өтүүгө көмөктөшөт. Ошондон улам мыйзам долбоору аркылуу Эмгек кодексине, Салык кодексине жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына толуктоолор менен өзгөртүүлөр сунушталууда.

Бул долбоор көбүнчө жеке менчик ишканаларга ыктап жатат, мамлекеттик мекемелерге да тийиштүү болсо бюджет көп чыгым тартарын айтып өтүштү. Ушул жагдайлар экинчи окууга чейин такталып, толуктоо киргизилет.

592
Белгилер:
ишкана, жаштар, салык, Кыргызстан
Тема боюнча
Лицей жана колледждердин айрым адистиктерине жаңы стандарттар киргизилет
Курулуш иштери. Архив

Бизде акча бар! МИК жарандарды мамлекеттик ипотека алууга чакырды

453
(жаңыланган 14:00 13.08.2020)
Жеңилдетилген түрдө ипотекалык насыялар бир нече коммерциялык банктар аркылуу берилет. Жылдык 10 пайыздык чен менен 15 жылдык мөөнөткө сунушталат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека алууну каалагандар коммерциялык банктарга кайрылса болот. Бул максатка багытталган акча мамлекетте ири өлчөмдө бар. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова брифинг учурунда айтты.

"Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында КР өкмөтү менен ГФР өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Учурда акча бар жана аз эмес. Ошондуктан каалоочулардын бардыгын чакырабыз", — деди Абжапарова.

Жеңилдетилген түрдө ипотекалык насыялар бир нече коммерциялык банктар аркылуу берилет. Жылдык 10 пайыздык чен менен 15 жылдык мөөнөткө сунушталат.

Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер

Долбоордун алкагында буга чейин 158 миллион сомго 153 насыя берилди.

Кайсы документтер зарыл:

  • программага катышууга анкета-арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты;
  • жашаган жеринен маалым кат.
453
Белгилер:
жеңилдик, каражат, ипотекалык насыя, Кыргызстан
Тема боюнча
Жекшенкулов: КР жарандарынын Россиядан ипотека алуусуна аракеттер көрүлүүдө
Акчалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

101
Июнь айында былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 86 миллион долларга көбүрөөк акча которулду. Жыл башынан бери бардыгы 970 миллион доллардай акча чет мамлекеттерден жиберилди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын июнь айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 277,9 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которгон каражат тууралуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, мигранттар былтыркы жылдын ушул учурунда мекенине 191,6 миллион доллар жөнөтүшкөн.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

277,9 миллион доллар 2018-жылдын август айынан бери бир айлык өлчөм менен алганда эң чоң көрсөткүч. Бирок жалпы жыл башынан берки сумма өткөн жылдагыдан азыраак. Мисалы, 2020-жылдын алты айында Кыргызстанга сыртта иштеп жүргөн жарандардан 977,3 миллион доллар келсе, былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 126,4 миллионго жеткен.

101
Белгилер:
Акча которуулар, каражат, Мигрант, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID: КРге канча акча жардам катары келип, алар кайда жумшалды
Футболисттер машыгып атат. Архивдик сүрөт

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

0
Дисциплинардык комитет оюн талаасында күч колдонгон, үчтөн ашык эскертүү алган жана маалымат жыйынга катышпаган тараптарга айып салды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир катар жергиликтүү футболдук клубдарга айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол кеңешинен (КФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин дисциплинардык комитети "Алай" футбол клубунун машыктыруучусу Бакыт Маматовго 50 миң сом айып пул салып, алты айга спорттук ишмердүүлүккө катышууга тыюу салды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

КФК эреже бузган "Алга" клубун 2000 сомго, "Алай" командасын 3500 сомго, "Абдыш-Атаны" 2000 сомго төлөмөр кылган.

Алар оюн талаасында бирөөгө карата күч колдонуп, үчтөн ашык эскертүү алып, уюштурулган маалымат жыйындарына катышкан эмес.

 

0
Белгилер:
клуб, айып пул, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?