Пяти долларовая и Тысячи сомовая купюра на столе. Архивное фото

Доллардын баасы 70 сомго чукулдады. Себептери жана божомол

(жаңыланган 23:33 04.02.2020)
Кыргызстан доллар менен сатылып алынган импорттук товарларга абдан көз каранды. Америкалык валютанын эмне себептен кымбаттап жатканын жана мындан аркы баасы кандай болот деген суроонун жообун Sputnik Кыргызстан издеп көрдү.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, доллар 22-январдан бери 15 тыйынга кымбаттап, соңку күндөрү 69,85 сомго жетти.

Valuta.kg порталында доллардын курсу 21-январдан тарта өсө баштаган. Чет элдик валютаны сатып алуу 14 тыйынга жогорулап, 69,8 сомду көрсөтүп турса, долларды сатуу 10 тыйынга көтөрүлүп, 69,9 сомго барабар болуп калды.

Өнөктөш өлкөлөрдө абал кандай?

Россияда доллар 22-январдан баштап өсүп, 2,5 рублга кымбаттаган (63.9 рубль). Бул Россиянын Борбордук банкынын расмий курсу. Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, рублдин куну мунай баасынын төмөндөшүнөн улам түшүп жатат.

Лондондогу ICE биржасындагы сооданын жүрүшүндө Brent маркасындагы мунайдын баасы 1,1 пайызга төмөндөп, 56 долларды түздү.

Казакстанда дагы америкалык валюта 22-январдан тарта кымбаттаган. Доллардын куну 4,2 теңгеге жогорулап, 380,65ке бааланып калды.

Доллардын Кыргызстанда кымбатташынын себеби

Улуттук банк белгилегендей, "сезондук факторлорго байланыштуу алмаштыруу курсунун кескин толкундоолорун жөнгө салуу максатында" 31-январь күнү 31 миллион доллар сатылды. Бирок "сезондук фактор" эмне экени такталган эмес.

Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын башчысы Чыңгыз Бийлибаев абалды кененирээк түшүндүрүп берди.

"Адатта январь айы ишкерлерибиз үчүн тынч сезон болот, бирок айдын аягында рынок жанданып, доллар менен төлөнгөн чет элдик товарларга буюртмалар түшө баштады. Америкалык валюта талаптын келип чыгышынан улам кымбаттады",— деди Ассоциациянын башчысы.

Ошондой эле доллардын Россияда кымбатташы да себеп катары аталышы мүмкүн, бирок бул негизги жүйө эмес, Бийлибаев негизгиси жогоруда айтылган жергиликтүү факторлор экенин белгиледи.

Доллар дагы кымбаттайбы?

Ассоциациянын башчысы тынчсызданууга негиз жок экенин айтып берди. Ал эске салгандай, акыркы эки жылдан бери доллардын курсу 69,9 сом деңгээлинде кармалып турат. Бүгүнкү күндө анын өсүшү үчүн шарт жок.

"Долларга тартыштык дагы жок, укмуш талап дагы жок", — деп түшүндүрдү Бийлибаев.

Улуттук банк өлкөдөгү валютанын курсу калкыма экенин, сунуш жана талаптын негизинде түзүлөрүн белгиледи.

"Рыноктун белгилүү бир мезгилиндеги кырдаалга жараша валюта курсу жогорулап же төмөндөшү мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш", — деп белгилешти мекемеден.

Ошондой эле валюта рыногу дайыма көзөмөлдөнүп, курстун олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн тиешелүү операциялар жүзөгө ашырылып турары кошумчаланды.

Белгилер:
доллардын курсу, нарк, сом, Улуттук банк
Тема боюнча
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча акча алабы? Жетекчиликтин жообу
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунун логотиби. Архив

"Москваны жазалоо": Россияда SWIFT системасы өчүрүлсө эмне болот?

(жаңыланган 10:10 14.04.2021)
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунан өчүрүлөрүн айтып, Россияны АКШ гана тургай эми Европа да коркутууда.

Макулдашылган катаал чарага чакырык бул ирет Европарламентте да жаңырды. Мындай көрүнүш РФтин каржылык тутумуна кандай чагыларына Наталья Дембинская сереп салган.

Маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия — SWIFT системасын пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет. Бирок 2014-жылдан тарта бул инструменттен РФтин өчүрүлөрү айтылып келет. Буга Крым да, Донбасс да, Скрипалдердин иши, блогер Алексей Навальныйдын кырдаалы да доомат катары келтирилет.

Президенттик кызматка киришери менен эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүүнү Жо Байден убада кылган. Былтыр декабрда Reuters басылмасы президенттин командасынын пландары менен жакындан тааныш булактарга таянып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик мекемелерине болгон хакердик чабуулга катыштыгы болушу мүмкүн деген айыптоо менен Байден Москваны жазалоого ниеттенгенин маалымдаган. Бул "Россиянын олуттуу экономикалык, каржылык же технологиялык жоготууларына" алып келиши мүмкүн. Жазалоонун варианттарынын бири — SWIFT тутумунан өчүрүү экенин Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун киберкоопсуздук боюнча эксперти Жеймс Эндрю Льюис боолголойт.

Апрелде Украинанын чыгышында кырдаал курчуп кетти, бул дагы  жаңы шылтоо. Мындай демилгени эми Европа колго алды. Европарламенттин башкаруучу фракциясы – Европалык элдик партиясынын башчысы Манфред Вебер Москва "кооптуу чагымчылыктардын нугун улантууда" дейт. Анын пикиринде, Украина менен чек арасында "аскердик күчтөрүн бекемдөө" менен Москва Батыштын сабырын сыноодо. Ошондуктан АКШ жана ЕБ макулдашылган жооп берүүгө тийиш. Парламентарий белгилегендей, абал курчуп турганда "өлчөнгөн санкциялардын маалы өтүүдө". Вебер "олигархтардын эсептерин масштабдуу тоңдурууну" жана SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштады.

Көйгөйлөр жаралат

Бир жагынан Россиянын 2014-жылы ишке киргизилген Каржылык билдирүүлөрдү алмашуу тутуму (СПФС) бар. Ага россиялык банктардын баары жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон он чакты өлкө кошулган. SWIFT системасынан өчүрүлгөн соң банктар анын россиялык аналогуна өтөт. Бирок эл аралык төлөмдөр үчүн СПФС азырынча эл аралык системанын ордун толук баса албайт, ошондуктан олуттуу сокку урулушу мүмкүн.

Эксперттер Россиядагы доллар жана евро түрүндөгү экспорттук жана импорттук операциялардын көлөмү бир кыйла, ал эми өндүрүмдөрдүн көпчүлүк тобуна альтернатива табуу мүмкүн эмес.

"SWIFT системасынан өчүрүү россиялык банктардын транзакцияларын токтотот, — деп эскертет "Бета финансылык технологиялар" индекстик компаниясынын башкы стратеги Арарат Мкртчян. — Ири экспортчулар баарынан көп жабыркайт. Алар өз операциялык ишмердигин тейлөө үчүн чет элдик банктар менен гана иштөөгө аргасыз болот. Чектөөлөргө тушукпаган ортомчулар да мындайда көп чыгат. Айрыкча мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык институттары утушка ээ болот.

Баарын чечүүгө болот

Бирок кандай болгон күндө да чоң кырсык болбойт. "Россиялык банктарды SWIFT тутумунан өчүрүүнүн өзү контрагенттер ортосундагы каржылык транзакциялар кымбаттайт жана ыргагы жайлайт дегенди гана туюндурат. Калыпка түшүп калган чынжырча үзүлөрү турулуу иш, аларды калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бир же эки аптада жагдайды жөнгө салууга болот", — дейт QBF улук аналитиги Олег Богданов.

Эгер россиялык резиденттердин доллар түрүндөгү каражаттары тоңдурулса, башка кеп экенин кошумчалайт эксперт. Анда рыноктордо башаламан реакция жаралышы ыктымал. Бир-эки кварталда каржылык байланыштарды баары бир калыптандырышат. Валюта курсу да кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бирок өйдө-ылдый убак тез эле өтүп, рубль өз деңгээлине келет.

Кимге кымбат түшөт?

Ошентсе да Россия аталган тутумдан өчүрүлбөйт, коркутуп гана тим болушат деген ойлор да туулат. Анткени SWIFT — россиялык банктардан акча тапкан жеке компания. Анан да система эл аралык транзакциялар үчүн гана тургай, ички эл аралык которууларга да колдонушат. SWIFT тутумунан кимдир бирөөнү өчүрүү үчүн ЕБ же АКШнын компаниянын өзүнө каршы чечим кабыл алышы керек. Бирок анткен учурда Россиянын соода өнөктөштөрү — европалык жана америкалык бизнес четте калат.

"Бул россиялык компанияларга жана мамлекетке милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүндүк бербей турган күтүүсүз жагдай болуп эсептелиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы карызы —450 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан улам кредиторлордун да каржылык көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. Андан тышкары, негизги соода өнөктөштөрү менен операциялар кыйындайт. Ал эми алардын эң чоңу — Евробиримдик. Европарламенттеги чакырыктар курулай гана популизм", — деп болжойт "Открытие Брокер" компаниясынын улук талдоочусу Андрей Кочетков.

АКШ да кыйналбай койбойт. Биринчиден, Вашингтондун SWIFT компаниясына болжолдуу гана таасири бар, анткени анын штаб-квартирасы Бельгияда жайгашкан. Экинчиден, андай чара көрүлө турган болсо Россия америкалык банк жана саясатчыларга каршы катаал санкциялар менен жооп кайтарышы да мүмкүн.

Белгилер:
банк, кредит, соода, АКШ, Евробиримдик, Акча которуулар, Россия, система
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Кыргызстандын желегине тизилген тыйындар. Архив

Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.

Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.

Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.

Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.

Белгилер:
төмөндөө, экономика, статистика, ички дүң продукциясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл эки айда Кыргызстандан 74,5 млн. доллар чыгарылып кетти
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Тез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив

COVID: 240 киши вирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты

(жаңыланган 10:40 14.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 118;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 133;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас обулусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Жакшы кабар! Казакстанда эки күндөн бери COVID жуктургандардын саны азаюуда