Келишимди аткарбай чек араны тосот. Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүнө доомат койду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ЕАЭБдин келишимдерин аткарбагандарга чара көрүү үчүн ЕЭКтин укуктарын кеңейтүүгө сунуш берип жатканын билдирди.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин жеңилдиктерин колдонууда башка өлкөлөрдөн артта калып жатат. Бул тууралуу депутат Канатбек Исаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2016-2017-жылдары Армения биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсүн 52 пайызга, Казакстан  42, Белоруссия  41, Россия 30, Кыргызстан болгону 8 пайызга көбөйткөн.

Буга жооп берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин чечимдери аткарылбай жатканына токтолуп, бул үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) укугун кеңейтүүгө сунуш бергенин кошумчалады.

"Бул жерде чоң мамлекет чоң чечет, кичине мамлекет баш иет" деген маселе болуп жатат. Жакында Алматыга (ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши) барганда ЕЭКтин укуктарын кеңейтүү керектигин айттым. Бул комиссия кайсы жерде келишимдин нормалары бузулса көрсөтүп, чечим чыгарышы керек. Эгер аны аткарбаса, Евразиялык сот бар, ишти карап айып санкцияларын коюш керек. Эгер мындай функцияларды киргизбесек, "менин чек арамда менин укуктарым көп" дегендей болуп жатат. Муну Казакстандын премьер-министри Аскар Маминге да айттым", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы Кыргызстан ЕАЭБдин жакшы жактарын да пайдаланып жатканын белгилеп, ошол эле учурда кемчиликтери да болгонун айтып өттү.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович президент Жээнбеков менен жолукту
"ЕАЭБдин жалпы келишиминде элге бут тосмой, акча которууларды азайтмай, өлкөгө кирген товарларды кайра текшермей деген жок. Мисалы, Кытайдан товар бизге киргенден кийин бүт жакта эркин жүрүшү керек да. Азыр ошол жолду ЕАЭБ өлкөлөрү тосуп, ар кандай коррупциялык механизмдерди киргизип жатат. Кечээ ЕЭКтин жаңы төрагасы Михаил Мясникович келгенде президент дагы комиссияга бүт укуктарды алып берүү керектигин айтты. Ошондон кийин биримдик иштеп баштайт. Мисалы, Европа биримдигинин чечими ага кирген мамлекеттердин баарында аткарылат. Ал эми бизде өзүбүз кол койгон келишимди бузуп, аткарбай жатабыз. Чек араны тосуп... Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко да "мен биримдикке төрагалык кылып жатканда "барьер" деген түшүнүктү жок кылышыбыз керек" деп айтууда", — деди өкмөт башчы.

Соңунда Абылгазиев Кыргызстан технология, финансы жактан башка өлкөлөрдөн артта калганын моюндап, бул жаатта өкмөт иш алып барып жатканын кошумчалады.

Учурда ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карап жатат. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды. Депутаттар өкмөт башчыга бир катар суроолорду узатууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0