Мындан ары спирт ичимдиктерин сатууга Салык кызматы лицензия берет

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдиктер. Архив
Алкоголдук ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда ичимдиктерди өндүрүү жана сатууну Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги көзөмөлдөчү.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле сатууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп калды. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төлөгөн салыгын да жазыш керек! Декларация тапшыруу эрежеси өзгөрдү
Бул боюнча 24-январда өкмөттүн токтому чыккан. Мындан ары Салык кызматы жогоруда аталган иштер менен алектенүүгө лицензия бере баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана сатууну көзөмөлдөө функциясын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аткарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0