Май куйуучу жай. Архив

Кыргызстанда бензин менен дизель арзандайбы? Нефть баасынын олку-солкулугу

369
(жаңыланган 15:35 14.02.2020)
2020-жылдын башынан бери мунай баасы төмөндөп барат. Sputnik Кыргызстан өлкөнүн май куюучу станцияларындагы баага бул өзгөрүүлөр кандай таасир этип жатканын тактап көрдү.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik, Лев Рыжков. Жыл башынан бери күйүүчү майдын дүйнөлүк рыногунда мунай баасы төмөндөп барат. Жаңырган жылы Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 68.64 доллар (январь айындагы эң жогорку баа) турса, андан бери 55.75 долларга түштү (13-февралга карата сооданын баштапкы баасы).

10 пайыздын чегинде

Кыргызстандын мунай сатуучулар биримдигинин маалыматына таянсак, 2019-жылы Кыргызстанга Россиядан 972,9 миң мунай өндүрүмү ташып келинген: алардын 453,8 миң тоннасы бензин жана 519,1и дизель майы. Республикага мунай өндүрүмдөрүнүн 90 пайызы Россиядан алып келинет.

Энергетикалык саясат фондунун башкы талдоочусу Игорь Юшковдун пикиринде, мунайдын дүйнөлүк рыногундагы өзгөрүүлөр бензин менен дизель майынын баасына таасир этпей койбойт.

"Мунай өндүрүмдөрүнүн өлкө ичиндеги баасы кантип коюлат? Мисалы, Россияда бензиндин өздүк наркы баанын 15-20 пайызын түзөт. Калганын мамлекет салык жана акциздер түрүндө өзүнө алат", — деп белгиледи серепчи.

Мунай рынокторундагы өзгөрүүлөр салык жана акциздерге эмес, ошол 15-20 пайыздык өздүк наркка гана таасир эткен.

"Ошондуктан баа 10 пайыздын чегинде өйдө-ылдый болушу мүмкүн, — деп болжолдойт Игорь Юшков. — Бирок, менимче, мунайдын бир баррели 40 доллардан ылдыйлап кеткен күндө да баа түшпөйт. Анткени соода биринчи кезекте экономикалык көрсөткүчтөр менен аныкталат. Ишканалар үчүн Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн ташуу кирешесиз болуп калса, алар багытын бөлөк рынокторго карай бурат. Таңсыктык жаралса же баа жогорулаганда гана кайтышы ыктымал".

Көмүскө импорт

Былтыр Кыргызстанга көмүскө түрдө 250 миң тонна бензин ташып келинген. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстанга "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген бирикмесинин башкы директорунун орун басары Чыңгыз Айтмурзаев билдирген эле. Анын айтымында, аткезчилик менен ташып келинген бензиндин көп өлчөмү деле өлкөнүн рыногундагы күйүүчү майдын жалпы баасына таасирин тийгизбейт.

Мунай баасынын төмөндөшү кайсы бир деңгээлде көмүскө импорттун азайышына алып келиши мүмкүн экенин боолголойт Энергетика жана каржы институтунун энергетикалык багыт боюнча директору Алексей Громов. Анын пикиринде, мындай жагдайда артыкчылык — мыйзамдуу жол менен ташып келинген мунай өндүрүмдөрүндө.

369
Белгилер:
Кыргызстан, дизель, бензин, нефть, газ, Мунай
Тема боюнча
Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут ташый баштады
Мындан ары спирт ичимдиктерин сатууга Салык кызматы лицензия берет