Эпидемия чыккандан бери алгачкы жолу Кытайдан Борбор Азияга товар жөнөтүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗападно-Сибирская железная дорога. 100-летие Транссибирской магистрали
Западно-Сибирская железная дорога. 100-летие Транссибирской магистрали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поездге чиркелген 82 контейнерде темир шаймандар, автоунаанын тетиктери жана текстилдик товарлар бар.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Коронавирус пайда болгондон бери алгачкы жолу Кытайдын чыгышындагы Цзиньхуа шаарынан Борбордук Азияга товар жүктөгөн поезд жолго чыкты. Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттиги жазды.

Иу — Синьцзян — Европа каттамы менен жүргөн поезд 14-февраль күнү Иу шаарынан чыгып, Испаниянын Мадрид шаарына барып токтошу керек.

Поездге чиркелген 82 контейнерде темир шаймандар, автоунаанын тетиктери жана текстилдик товарлар бар. Алардын айрымдарын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттерине таштай кетишет.

Коронавирус тууралуу

Карантин прибывших из Китая студентов - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан дагы 40 кыргыз студенти алып келинди. Сүрөт
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Кыргыз-кытай чек арасы жабылып, эч бир товар өткөрүлбөй турган. Мындан улам коңшу өлкөдөн товар ташыган кыргызстандык ишкерлер сатарга эч нерсеси калбай баратканын айтып чыгышкан эле.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 1 770 киши көз жумду. Сакайып кеткендердин саны 10 844 болсо, ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны —  70 миң.

Жаңылыктар түрмөгү
0