Акча жана электр лампасы. Архив

Улуттук энергохолдинг электр энергиясына бааны көтөрүүнү сунуштап жатат

4211
(жаңыланган 17:33 19.02.2020)
Кеп социалдык тариф, тагыраагы, эл 700 киловатт-саатка чейин төлөгөн 77 тыйын тууралуу болуп жатат. Электр энергиясынын 70 пайызы ушул тариф аркылуу кетет.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүү керек. Мындай пикирин Улуттук энергохолдингдин Стратегиялык өнүгүү жана адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Беков билдирди.

Төртүнчү ирет өтүп жаткан "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий - 2020" аталышындагы конгресс-көргөзмөгө катышып жатып жетекчи бир киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйын экенин айтты.

"Ар бир киловаттына 30-33 тыйындан жетпей калат. Андыктан тарифтерди бери дегенде чыгымсыз иштей турган деңгээлге жеткирүүнү сунуштап жатабыз. Ушул эле учурда даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүшү керек", — деди Беков.

Анын айтымында, азыр калк үчүн 700 киловатт-сааттан жогорулап кеткенде төлөнүп жаткан 2,16 сом менен өндүрүштүк объектилер төлөп жаткан 2,24 сомдук баа өздүк наркты жаап жатат.

"Кеп ага чейинки социалдык тариф, тагыраагы, 77 тыйын тууралуу болуп жатат. Электр энергиясынын 70 пайызы ушул тариф аркылуу кетет", — деди адис.

Бирок ал тариф маселеси холдингдин компетенциясына кирбесин, ага Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги жооп берерин кошумчалады.

4211
Белгилер:
Кыргызстан, электр энергиясы, баа, тариф
Тема боюнча
Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар
Эксперт Нарын дарыясына канча ГЭС курууга боло турганын айтты

Бишкекте бир бөлмөлүү "элиткалар" 3 000 долларга арзандады. Батирлердин баасы

52
2021-жылдын ноябрь айында Бишкекте батирлердин дээрлик бардык категориясына болгон баа өстү. Бирок айрым түрлөрү, тескерисинче, арзандаган.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн ай менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 207 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

Ноябрда ордо калаада өткөн айларга салыштырмалуу батирлердин дээрлик бардык түрү кымбаттаган. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы 1 700 долларга жогорулаган. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер, тескерисинче, 1 100 долларга арзандаганы маалым болду.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 100 долларга көтөрүлүп, 41 600 доллардан сатылууда. Ал эми ичин өзү жасап ала турган бир бөлмөлүү "элиткалардын" баасы 3 000 долларга түшкөн.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) канчадан сатылып жатканын көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 31 700 доллар (26 500дөн 35 500гө чейин);
  • 105-серия — 29 500 (23 500дөн 36 500гө чейин);
  • 106-серия — 33 000 (25 900дөн 42 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).

Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 29 400 (16 500дөн 43 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 28 000 (19 000ден 42 400гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 37 600 доллар (31 500дөн 48 800гө чейин);
  • 105-серия — 42 500 (28 500дөн 52 500гө чейин);
  • 106-серия — 46 100 (34 800дөн 58 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 33 500 (23 200дөн 44 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 41 600 (22 500дөн 68 300гө чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 46 100 (25 000ден 85 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 45 000 доллар (33 500дөн 60 000ге чейин);
  • 105-серия — 53 100 (24 000ден 73 000ге чейин);
  • 106-серия — 59 700 (40 800дөн 89 000ге чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 40 900 (23 000ден 51 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 54 200 (29 000ден 126 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 73 300 (42 500дөн 120 000ге чейин).
52
Белгилер:
Бишкек, батир, баа, анализ, элитка
Тема боюнча
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Ноябрдагы баалар
JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Мунара Мураталиева

Мураталиева: Бишкекте "Жашыл экономика-2021" форуму өтөт

19
JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Мунара Мураталиева 10-декабрда өлкөдөгү жашыл экономиканын өнүгүшүн шарттаган "Жашыл экономика-2021" форуму өтөрүн айтты.

"Жашыл экономика-2021" форумунда финансылык продукцияларды сунуштаган ири компаниялар, финансылык институттар, ишкерлер долбоорлорун жана сунуштарын айтышат. Бул тууралуу Мунара Мураталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мураталиева: Бишкекте "Жашыл экономика-2021" форуму өтөт

Анын айтымында, форумдун алкагында Green EXPO 2021 көргөзмөсү уюштурулуп, "жашыл технологияларды" ийгиликтүү ишке ашыруу жолдору сунушталат.

"Бишкекте 10-декабрда "Жашыл экономика-2021" форуму өтөт. Ал эми анын компоненти катары Green EXPO 2021 көргөзмөсү уюштурулат. Анда жашыл экономикага байланыштуу чечимдерди, технологияларды, "жашыл" технологияларды жана "жашыл" продукцияларды сунуштаган ири компаниялар, финансылык институттар катышып, долбоорлорду көрсөтүшөт. Форумда Кыргызстандагы жашыл экономиканын статусу, багыты, маселелерди чечүү жолдору талкууланат. Бирдиктүү план түзүп, анын негизинде иш алып баруу аракеттери көрүлөт. Форум эки компоненттен туруп, офлайн жана онлайн катышуу каралып, мамлекеттик, жеке сектордун өкүлдөрү темаларды талкуулашат", — деди Мураталиева.

Ошондой эле жетекчи форумду Экономика жана коммерция министрлиги JIA бизнес-ассоциациясынын, Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жана башка өнөктөштөрдүн жардамы менен уюштуруп жаткандыгын кошумчалады.

19
Белгилер:
жашыл экономика, көргөзмө
Тема боюнча
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме

Афганистан, Борбор Азиядагы абал жана НАТО. ЖККУнун позициясы видеодо

0
(жаңыланган 12:48 07.12.2021)
ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков Sputnik агенттигине берген эксклюзив маегинде Армен Гаспаряндын суроолоруна жооп берди.

Семериков маегинде 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУнун алдыдагы пландары, ага мүчө болгон мамлекеттердин чек арасындагы кырдаалга, Афганистандагы улам өзгөрүп турган абалга токтолду.

Маектеги урунттуу учурлар:

  • Борбор Азия аймагында Афганистандагы абалдан улам машыгуулар болуп, алар негизинен Тажикстанда өттү. Семериков машыгуулар тажик-афган чек арасындагы кырдаалга өзүнүн оң таасирин тийгизди деп эсептейт. ЖККУ абал курчуп кетсе, чечкиндүү кадам таштаганга даяр жана мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөттү;
  • 2022-жылы машыгууларды Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында өткөрүү боюнча пландар бар. Алар аймактагы абалга жараша өзгөрүп кетиши да мүмкүн;
  • Афганистан аймактагы көйгөйлөрдөн болуп турат. Азырынча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын, бирок террордук уюмдардагы согушкерлердин санын белгилеп, аныктоого болот. Кырдаал келген жаңы бийликтин ички саясатты кандай алып барарына, террорчулук менен күрөшүнө, баңгизаттардын таралышына байланыштуу;
  • Афганистанда учурда террордук 13-14 чакты уюм бар, алардын согушкерлеринин жалпы саны 23 миңге чукулдап барат. Анткен менен Афганистандан эки миллиондой адам чыгып кетти. Семериков террорчулар Тажикстан менен ЖККУнун башка өлкөлөрүнө качкын кейпин жамынып кирип кетиши да мүмкүн деп эсептейт. ЖККУнун башкы катчысынын орун басары миграциялык мындай кризистин кесепети кыйын болорун, бул кооптуу көрүнүш экендигин айтты;
  • Семериков НАТО ойлоп тапкан шылтоосун бетине бекем кармап, Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы өлкөлөрдө — Беларусь менен Россиянын чек арасында аскердик топтору менен аскердик техникаларын арбын топтоп жаткандыгын айтты;
  • ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын жерлерде машыгуулар байма-бай өтүп жатат. НАТОнун чагымчылдык машыгуулары жана дагы башка иш-чаралары эмнегедир эл аралык уюмдар тарабынан байкалбай калып жатат. Семериков муну менен катар эле Евробиримдик Беларусь менен Россиянын ички иштерине кийлигишип, санкцияларды колдонуу менен болуп көрбөгөндөй басым кылып жаткандыгын белгиледи;
  • Кавказда (Армения менен Азербайжан) абал туруктуу, бирок чыңалып турат;
  • ЖККУнун даярдыгы менен шайма-шай турушу уюмдун кайсы аймак болбосун өзгөргөн абалга тез арада чара көрүп, коюлган милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет;
  • ЖККУ Өзбекстан менен Сербияга байкоочулук макам берүү боюнча иш алып барып жатат.
0
Белгилер:
Борбордук Азия, Афганистан, НАТО, ЖККУ, Валерий Семериков, машыгуу, маек
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бешимов: ЖККУ реформага муктаж, аны чечүүдө Россиянын ролу чоң