"Камбар-Ата ГЭС-1" өзүн-өзү 12 жылда акташы мүмкүн

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭС. Архив
ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан курууну пландап жаткан гидроэлектр станциялары план боюнча жылына 5,6 миллиард киловатт электр энергиясын өндүрөт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Камбар-Ата ГЭС-1" CASA-1000 долбоорун эске алганда 12 жылда өзүн акташы мүмкүн. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун орун басары Таалайбек Бектенов билдирди.

Ал төртүнчү ирет өтүп жаткан "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгрессинде сүйлөп жатып ГЭС Нарын дарыясында жайгашарын билдирди.

Маалыматка караганда, бийиктиги 256 метрге жеткен плотина курулат.

"Анын кубаттуулугу 1860 мегаватты түзүп, жылдык орточо потенциалы 5,6 миллиард киловатт-саатка жетет. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллион кубометрге жетет. Баасы 2,9 миллиард долларды түзөт. CASA-1000 долбоорун эске алганда өзүн-өзү 12 жылда актайт", — деди Бектенов.

"Камбар-Ата ГЭС-1" долбоорун россиялык "Интер РАО" энергетикалык компаниясы курууну пландап жаткан. Станциянын кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзмөк (Токтогул ГЭСи 1200 мегаватт). Баасы — 3 миллиард доллар. Келишимге 2012-жылы кол коюлган.

Нижне-Бурейская ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: ГЭСтерди оңдоого жана курууга 4,5 млрд. доллар керек
Анткен менен 2015-жылдын аягында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев РФ долбоор боюнча милдеттерин аткара албай турганын жар салган. Мындан улам өкмөт эки келишимди денонсациялоону демилгелеген (экинчиси Жогорку Нарын каскады). Эми болсо Кыргызстан инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алгачкы курулуш иштерин өзү баштоону пландап жатат.

CASA-1000 долбоору Борбордук жана Түндүк Азияны электр кубатын өткөрүү линиялары менен байланыштырышы керек. Ал төрт мамлекет аркылуу өтөт — Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга. Долбоор Борбордук Азиядагы республикаларга электр энергиясын өндүрүүдөн каражат табууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда электр энергиясы кышкысын көп пайдаланылып, жайкысын ашып калса, Пакистан менен Афганистандагы көрүнүш тескерисинче.

Жаңылыктар түрмөгү
0