БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстан Белоруссияга сүттү иштетүү боюнча биргелешкен агрокластер түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Белгилей кетсек, Белоруссиянын Минск шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө.Агрокластер — орто жана чакан ишканалар менен фирмалардын биригүүсү. Эреже боюнча, агрокластердин катышуучулары кайсы бир продукцияны өндүрүү жана жеткирүү менен алектениши керек.
Белоруссия өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, Боронов аталган өлкөнүн бийлигине айыл чарба багытында активдүү кызматташууну сунуштаган.
"Кыргыз тарап Белоруссиянын технологиясы боюнча Кыргызстанда сүт иштетүү боюнча биргелешкен агрокластер түзүүгө кызыкдар. Ошондой эле Белоруссиядан чыккан жабдуулар менен сүт иштетүү комплекстерин куруп, асыл тукумдуу мал жеткирели", — деди Боронов.
Кыргыз тарап аталган өлкөнүн техникасын алууга да дилгир экенин билдирген.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана азык-түлүк жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кыргызстан чет өлкөгө 905,9 миллион долларлык алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жалпысынан өткөн жылы 16 тонна 278,3 килограмм баалуу металл сатылса, анын 18 килограммы Түркияга, калганы Улуу Британияга экспорттолгон.
2019-жылдын ушул мезгилинде 16 тонна 541 килограмм алтын 729,5 миллион долларга сыртка сатылган.
Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1 500 доллардан төмөн болсо, августта 2 000ден ашкан. 2019-жылы баалар 1 500 доллардан дээрлик жогорулаган эмес, тескерисинче, кээде төмөндөп, 1 300 долларга чейин түшкөн.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.