БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ЕАЭБ товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууга уруксат бере тургандыгын Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечим ЕЭКтин соңку кеңешинде кабыл алынган. Анда товарды көзөмөлдөөнүн негизинде бажы транзитинин бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча план бекитилген. Жол картасында 2021-жылдын экинчи жарымында ишке аша турчу 11 иш-чара каралган.Жаңы макулдашуу долбоорунун алкагында товар ташып бара жаткан унаалардын түрлөрү электрондук навигациялык пломбалардын негизинде аныкталмакчы. Ошондой эле көзөмөл салынган товарлардын категориясына дагы ушул система колдонулат. Келишимге 2021-жылы кол коюу пландалып жатат.
"Мамлекеттер жакынкы убакта товарларды ташып келүүдө навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча бир тараптуу же биргелешкен эксперименттерди жүргүзүшөт. Тажрыйбанын жыйынтыгы транзитти көзөмөлдөө системасынын укуктук-ченемдик базасын түзгөнгө жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Бул үчүн өлкөлөр үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын аягына чейин көзөмөл системасынын улуттук операторлорун аныкташат.
Мындан сырткары, отурумдун жыйынтыгы менен төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
Кечээ эле бир класста окуп, бир партада отуруп, тапшырмаларды көчүртпөсө дептерлерин чиймелеп-чиймелеп салып, агайга "жамандап" уруштурган биздин кыздарыбыз, чачтарын акырын партага байлап койсок тура калганда жаны ооруп кыйналган биздин кыздарыбыз, класс ичин дуу көтөрүп кубалашып ойногон, жетип алсак желкеге бир муштап "сыйлыгыбызды" алган биздин кыздарыбыз, китеп кабын уурдай качып артыбыздан кубалатып ыйлаткан биздин кыздарыбыз бир эле сегизинчи мартта башкача боло калды...
Каштарын чабалекейдин канаттарындай керилтип, аларына коюулантып осмо коюп, тырмактарын кыналап, беттерине вазелин сүйкөп суйкайып чыга келди ошол сегизинчи мартта биздин кыздарыбыз...
Мурдагыдай эле ойнойлу десек, эми олурайып карап калыптыр биздин кыздарыбыз...
Чоң класстын балдарын шынаарлатып, өздөрүнө арбап алыптыр биздин кыздарыбыз...
Анан биз райборборго барып "Звукозапись" деген күркөгө кезекке туруп, пластик дискке өз үнүбүз менен "Алтындай ардактуу, коргошундай салмактуу классташым А... тамга, менин сага арналган бул ырым сегизинчи мартка гүлдестем болсун" деп жаздырып, Кудаш Темировду "Кар кечип, ак бороонго төштү тосуп, барамын сени көздөй колум созуп..." деп боздотуп ырдатып, ал белегибизди акырын билгизбей китебинин ичине салып коюп жүрдүк биздин кыздардын...
Мектептин алдынан агып өткөн бир тегирмен суу боюна тигилген теректер билинбей өскөн сыяктуу өсө бериптир биздин кыздар...
Онунчуну бүтөр жылы сегизинчи мартка деп отуруш кылсак, чоң балдар келип, биздин балдарды бир бурчка тыгып койду эле, классташ деп болушпай, ошолор менен бийлеп кетти ачуубузду келтирип биздин кыздар...
Аскерге жөнөдүк, узатканы көп адам келди, бирок келе албады биздин кыздар...
Армиядан айылга — классташ кыздарга сагынып, сагынып кат жаздык, жооп бербеди биздин кыздар...
Анда-санда көчө-көйдөн, аш-тойдон көрүшө калсак уяң жылмайып баш ийкеп коюшат бир үй-бүлөгө ыймандуу келин болуп, миң тамырын сыздатып төрөгөн бир баласын көтөрүп, бир баласын ээрчитип жүргөн баягы биздин кыздар...
Асман эчен жолу карарып, эчен жолу агарып, жайлоого көч эчен жолу чыгып, эчен жолу кайра түшүп, чачтар агарып, беттер бырышып байбиче болушту баягы биздин кыздар, "ии, ошондо сага эле тийип албайт белем" дешет тамаша-чынга салып баягы-баягы биздин Сегизинчи марттагы кыздарыбыз...
Жаз күнүндөй жадырып-жайнап кирип келген майрамыңар кут болсун, БИЗДИН КЫЗДАР!!!