УКМК: мэриянын спорт боюнча башкармалыгы 3 млн. сомду кымырып алган

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарырын мэриясы. Архив
Бишкек шаарырын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече адам спортчулардын машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн жасалма документтерди толтуруп, ага кеткен бюджеттик каражатты өздөрүнө алып турган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коррупциялык схема ачыкталды. УКМК салыкчылар менен Финполдун өкүлдөрүн кармады
Анда мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Д.Д.Б. туурасында сөз болгон.

Ал жооптуу адамдар менен биргеликте спортчулардын машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн жасалма документтерди толтуруп, ага кеткен бюджеттик каражатты өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган. Бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес.

"Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар катышпаган кагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 миллион сом сарптаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМКдан учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0