Академик Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Медакадемияга чет элдиктерден канча акча түшөт? Окуу жайдын киреше булактары

740
(жаңыланган 22:17 26.02.2020)
Мамлекеттин карамагындагы университеттерден өлкөнүн бюджетине жыл сайын канча каражат түшүп турарын жана мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларга канча акча караларын билүү максатында бир катар окуу жайларга баш бактык.

Кыргызстанда жалпы 68 жогорку окуу жайы бар. Алардын 33ү мамлекеттик болуп эсептелсе, 35и — жеке менчик.

Бул жолу академик Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан кабар алдык. 2019-жылы аталган окуу жай 80 жылдыгын белгиледи. Бул окуу жай Кыргызстан эле эмес, чет өлкөлөргө да жогорку билимдүү адистерди даярдап келе жатат.

Медициналык академиянын проректору Кеңешбек Ырысов жана финансы, экономикалык иштер жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Асанбек Тиленчиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди. 

Проректор Кыргызской государственной медицинской академии Кенешбек Ырысов и начальник отдела финансово-экономической работы и бухгалтерского учёта КГМА имени И.К. Ахунбаева Асанбек Тиленчиев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Медициналык академиянын проректору Кеңешбек Ырысов жана финансы, экономикалык иштер жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Асанбек Тиленчиев

— Академиянын ичиндеги факультеттердин саны жана окутуучулук курам тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

Кеңешбек Ырысов: — Биздин окуу жайда 7 академик, 7 мүчө-корреспондент, 86 илимдин доктору, 282 илимдин кандидаты сабак берет. Академияда окутуучуларга тил боюнча талап күч. Учурда үч тилде (кыргыз, орус, англис) билим берүү жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле 8 факультет, 58 кафедра, бир лицей жана даярдоо курсу бар. Ошону менен катар бизде көзү азиз жана кулагы укпаган жарандарды окутуу үчүн медициналык колледжибиз иш алып барууда. Академиянын жеке демилгеси менен социалдык багытта уюштурулган бул колледжде 19 студент окуп жатат. Алар бюджеттик негизде массаж жасоо боюнча билим алып, кесипке ээ болушат.

— Жалпы канча студент бар? Канчасы бюджетте, канчасы келишимдик негизде билим алат?

К.Ы.: — Академияда жалпы 7 167 студент окуйт. Контракттык формада 5 207, бюджетте 1 960 студент билим алат. Анын ичинен 1 631и — чет элдиктер. Ошону менен студенттердин 27,3 пайызы бюджетте, 72,7 пайызы контракттык негизде билим алат.

Окуу акысынан 498 миллион сом түшсө, анын теңинен көбү — 278 миллион сому чет элдиктерден алынат. 

Проректор Кыргызской государственной медицинской академии Кенешбек Ырысов во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Медициналык академиянын проректору Кеңешбек Ырысов: академияда окутуучуларга тил боюнча талап күч. Учурда үч тилде (кыргыз, орус, англис) билим берүү жүргүзүлүп жатат.

— Контракттын каражаты кандай сарпталат?

А.Т.: — Анын 57,2 пайызы мугалимдерге жана Медакадемиянын жалпы кызматкерлеринин маянасына кетет. Калганы коммуналдык төлөмдөргө, капиталдык оңдоо иштерине, эмерек сатып алуу, материалдык–техникалык базаны чыңдоого жумшалат. 2019-жылы 51 миллион 528 миң сом китеп, эмерек, техникалык жабдыктар жана компьютерлерди сатып алууга кетиптир. Ал эми 118 миллион 178 миң сом капиталдык жана күнүмдүк оңдоо иштерине жумшалган. Бир жылда 7-10 миллион сомго чейин китеп сатып алабыз. 

— Медициналык жогорку окуу жайы мамлекеттин казынасына жылына канча акча төгүүдө?

А.Т.: — Биз 2019-жылы социалдык фондго 105 миллион сом, киреше салыгына 35,9 миллион сом төккөнбүз. Бардыгы болуп бир жылда мамлекетке 141 миллион сом төлөп жатабыз.

— Мамлекет бөлгөн акчаны кайда жумшайсыздар?

А.Т.: — Биздин окуу жай мамлекеттик болуп эсептелгени менен бюджеттен бөлүнгөн 87 миллион сом жалпы чыгымдын 12,3 пайызын гана жабат. Бул акча жылдан-жылга азайып бара жатат. Ал бюджеттик окууларга, мугалимдердин айлыгына, студенттердин ар кандай конференцияларга катышканына жумшалат. Калган чыгымдарды өз каражатыбыз менен жабабыз. Мисалы, 2019-жылы студенттердин ар кандай илимий конференцияларга, олимпиадаларга, эл аралык форумдарга, спартакиадаларга катышуусуна 1 миллион 670 миң сом жумшалган. Бюджетте окуган студенттерге бир жылда 10 миллион 139 миң сомдун тегерегинде стипендия төлөндү. Ар бир студентке окуганына жараша айына 800 сомго чейин стипендия берилет. Андан тышкары, абдан активдүү, окуусунда да ийгилик жараткан студенттерге сый акы төлөп берип жатабыз. 2019-жылы 128 студентке 100 миң сомдун тегерегинде сый акы берилди. Студент бюджеттик негизде окуп жатып, окуудан чыгып кетсе, ушул аралыкта кеткен чыгымды өлкө бюджетине кайра кайтарып берет. Эгер бюджеттен окуп бүткөндөн кийин эки жыл мамлекет жиберген аймакка барып иштеп бербесе, анда да 6 жылдык мамлекеттин чыгымын төлөп берүүсү керек. Өкмөттүн ушундай токтому бар. 

Начальник отдела финансово-экономической работы и бухгалтерского учёта КГМА имени И.К. Ахунбаева Асанбек Тиленчиев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Финансы, экономикалык иштер жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Асанбек Тиленчиев: биздин окуу жай мамлекеттик болуп эсептелгени менен бюджеттен бөлүнгөн 87 миллион сом жалпы чыгымдын 12,3 пайызын гана жабат

— Академияда чет элдик студенттер көп экени маалым.

А.Т.: — Негизги киреше да ушул чет элдик студенттерден түшөт. Азыр башка өлкөлөрдөн келген 1 629 студент окуйт. 2019-жылы жалпы жонунан 665 миллион сом түшсө, анын ичинен жылына 87 миллионду өлкө бюджетинен алабыз. Ал эми 578 миллион атайын эсептен алынат. Анын негизги бөлүгү болгон 498 миллион сом окуу акысынан түшөт деп жогоруда айтпадыкпы. Контракттан тышкары жатакана, илим жаатынан жана башка булактардан акча түшүп турат. Былтыр 2018-жылга караганда 111 миллион сомго көп киреше түштү. Чет элдик студенттердин санын жылдан-жылга көбөйтүп жатабыз.

К.Ы.: — Чет элдиктерден түшкөн кирешени алгач эле алардын билим алуусуна толук шарт түзүп берүүгө көбүрөөк жумшап жатабыз. Дүйнөлүк стандарттарга жооп берген окуу шарттарын, жатаканасын ырастап беришибиз керек. Муну менен катар Воронцовканын Таш-Дөбө айылындагы каралбай калган имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, студенттик кампос куруп, ишке бердик. Ал жерде азыр 600гө жакын индиялык жаран окуп жатат. Жатаканасы, дарылоо корпусу да ошол жерде. Мунун арты менен жергиликтүү эл да кошумча ишке тартылып, бир аз тыйын таап алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

— Жергиликтүү студенттер менен чет элдиктердин контрагынын айырмасы көппү?

А.Т.: — Жергиликтүү студенттер окуу акысын 55 миңдин тегерегинде, жакынкы чет өлкөдөн келгендер 80 миңдин айланасында төлөйт. Ал эми Индия, Пакистан, Түштүк Кореядан келген студенттер 3000 доллардын айланасында контракт акысын төлөп окушат. Кыргызстанда медицина тармагында билим берүү башка мамлекеттерге салыштырганда арзан деп эсептелет.

Бизде негизинен 28 мамлекеттен келген студенттер бар. Акыркы учурда Түштүк Кореядан келген студенттердин саны арбып барат. Себеби бул мамлекетте да КММАнын диплому жарактуу.

— Контракт менен бюджеттик бөлүмдө сабак берген мугалимдердин маянасында айырмачылык барбы?

Ы.К.: — Ооба, бар. Бюджеттик негизде билим алган студенттерди окуткан мугалимдер бюджеттин акчасынан, келишимдик негизде окуган студенттердин мугалимдери контракттын каражатынан маяна алат. Бирок бул бюджетке сабак берген мугалим келишим менен окугандарга сабак бере албайт деген сөз эмес. Мисалы, окутуучу англис тилин билсе 0,25 ставка менен бюджетке, 0,25 ставка менен келишимдик негизде окуган чет элдик студенттерди окута берет. Ошондо контракттан алган айлыгы бюджеттен алган акчасына кошулуп, жакшы эле маяна болуп калат.

740
Белгилер:
контракт, бюджет, Чет элдик, студент, мамлекет, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, киреше
Тема боюнча
Россиянын ЖОЖдору кыргызстандыктар үчүн бюджеттик орундарды бөлдү
Үч өлкөдө билим алган студент: чет жерде окууга үч нерсе жардам берди