Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, себеби айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен эки апта мурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 60 тыйынга, дизель майы 1,1 сомго, автоунаа газы 1 сомго арзандаган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бензин менен дизель майынын арзандашына россиялык нефть иштетүүчү заводдордо баалардын түшкөнү себеп болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Болжол менен эки апта мурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 60 тыйынга, дизель майы 1,1 сомго, автоунаа газы 1 сомго арзандады.

"Январь айында нефть иштетүүчү заводдор дүң бааны бир аз төмөндөтүштү", — деди Эшатов.

Нефть станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласы жок... АКШ россиялык нефтиден көз каранды экенин мойнуна алды
Баалар мындан дагы арзандаар-арзандабасы азырынча так айтыла элек.

Ал эми автоунаага куюлчу газдын арзандашынын себеби башка. Аны Кыргызстанга Казакстандан алып келишет. Коңшу өлкөдө жылдын башында газ кымбаттап кеткендиктен, бир нече тарап алар менен келишим түзбөй койгон.

Эске салсак, Кыргызстан бензин менен күйүүчү майдын 90 пайызын Россиядан алат. Ал эми автогаздын басымдуу бөлүгү Казакстандан импорттолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0