Өзүбүз чечебиз! Кыргызстан Казакстандын дооматына жооп кайтарды

Жазылуу
Кыргыз тарап коңшу өлкөнүн койгон дооматы суу кечпей турганын айтып, ар бир мамлекет өз алдынча салыктык төлөмдү бекитүүгө укуктуу экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Кыргызстандын чечимине карата Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кайрылышы боюнча комментарий берди.

Коңшу өлкө Кыргызстанга жасаган экспортунун өзөгүн түзгөн товарларга карата "кошумча нарк салыгы негизсиз жогорулатылды" деген доомат койгон. Атап айтканда, Кыргызстан Казакстандан келген ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, сыра, цемент жана көмүргө карата контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонушуна макул эмес.

"Бул маселе ЕАЭБдин алкагында каралып, чечим чыккан. Биз контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууга укугубуз бар. 18-протоколдо салык алуу механизмин ЕАЭБге мүчө мамлекеттер базар баасына карап өз алдынча аныктай алары көрсөтүлгөн. Себеби аз салык төлөө үчүн товардын баасын арзандатып салышат. Буга байланыштуу ар бир өлкө тобокелчиликтерди аныктап, салык алуу үчүн базар баасын бекитүүгө укуктуу", — деди Алишеров.

Ал ошондой эле Казакстанда дагы ушундай эле механизм иштей турганын белгиледи.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Келишимди аткарбай чек араны тосот. Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүнө доомат койду
"Казакстандын фискалдык органдары дагы товарга бир бааны коюп, ошого карап салык алууга укуктуу. Муну алар колдонуп жатышат. Буга чейин Кыргызстанда мындай механизм импорттук товарларга гана колдонулуп келген. Кыргызстан нормативдик-укуктук актыларын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүүсү шарт. Ал үчүн учурда контролдук баалардын минималдык деңгээлин атамекендик өндүрүшчүлөргө да киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосунда турат", — деди министрдин орун басары.

Алишеровдун айтымында, ДСУнун соода жана тарифтер боюнча негизги келишимине ылайык, тиешелүү кызматтар товардын баасын аныктап, ага жараша төлөмдөрдү бекитүүгө толук укуктуу. Мисалы, бажыда тобокелчиликтер менен иштөө башкармалыгы бар, эгер товар баасын арзандатып салат деген тобокелчилик жаралса, Бажы кызматы өзү товардын рыноктук баасын аныктап, андан төлөмдөрдү ала алат. Ошондуктан кыргыз тараптан эреже бузуу болгон эмес.

"ДСУга кайрылуунун процедурасы боюнча эки тараптуу кайрылуулар жана консультациялар болушу керек. Бизге кайрылуу дагы, кат дагы келген жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарганы кайрылуу эмес", — деди министрдин орун басары.

Соңунда ал салыктык башкаруу — бул улуттун артыкчылыктуу укугу экенин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстан казак тарап транзиттик товарларды өткөрүүгө чектөө киргизип жатканын айтып арызданган. Бул маселени ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитети 11-февралда Женевада өткөн жыйында караган.

Казакстан дооматка жооп кайтарып, Кыргызстан бажылык башкаруусун колго ала албай, Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизип жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0