ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив

ЕАЭБдин өнүгүшүнө Кыргызстандын салымы айтылды

107
(жаңыланган 09:29 03.03.2020)
Ушул тапта биримдиктин экономикадагы артыкчылыктуу жактары автоунаа куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы экени кошумчаланды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2017 жана 2018-жылдары ЕАЭБдеги экономикалык өсүшкө Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көбөйүшү бирден-бир себеп болгон. Бул тууралуу ЕАЭБдин экономикалык өнүгүшү боюнча докладга шилтеме берип Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) сайтында жазылды.

"2015-2016-жылдарга салыштырмалуу мүчө өлкөлөр биримдиктин потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүүрөөк пайдаланганды үйрөндү. Мунун аркасы менен экспорт өстү", — деп айтылат макалада.

Ушул тапта биримдиктин экономикадагы артыкчылыктуу жактары автоунаа куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы экени кошумчаланды.

107
Белгилер:
экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзүбүз чечебиз! Кыргызстан Казакстандын дооматына жооп кайтарды
ЕАЭБ электромобилдерди бажы төлөмү жок киргизүүгө ниеттенүүдө
Банк имараты. Архив

Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду

24
(жаңыланган 16:56 04.07.2020)
Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Банктарды, акча алмаштыруу жайларын жана башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү токтотулду. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал чыңалып тургандыктан Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

"Коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарын, кепилдик фонддорун, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарды, акча алмаштыруу жана кредиттик бюролорду инспектордук текшерүүгө алууну токтотуу чечими чыкты. Буга үчүнчү тараптын сурамы менен аткарылчу текшерүүлөр да кирет", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк коронавирустан улам банктарга 1 млрд сом насыя берет

Мындан сырткары, акча алмаштыруу жайларын жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарышын текшерүү жана лицензия берүү маселесин кароо иши да токтотулган.

Өлкөдө кырдаал турукташкандан кийин текшерүүлөр кайрадан улантылат.

24
Белгилер:
Акча алмаштыруу жайлар, текшерүү, Улуттук банк
Тема боюнча
Июнда Кыргызстанда акча көбөйүп абсолюттук рекорд койду
Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси
Бишкектеги шайлоо участогундагы автоматташтырылган үкөк. Архив

БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

71
(жаңыланган 10:06 04.07.2020)
Мамлекеттик орган ал каражатка шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторуна жеткирет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди.

71
Белгилер:
депутат, акча, тендер, шайлоо, БШК
Тема боюнча
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт
Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

0
(жаңыланган 20:13 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болугу мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейиин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКларын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

0
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео