Өлкөдөгү мыкты ишканаларды аныктоо үчүн конкурс жарыяланды

Жазылуу
Сыйлыктар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу жана башкаруу системасына карап ыйгарылат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү ишканалардын сапаттуулугун арттыруу максатында конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Сапат жана коопсуздук: жогорку жашоо стандарттарына карай жол!" конкурсуна төмөнкү тармак боюнча алектенген мекемелер катыша алат.

Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалар;

  • Өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илим-изилдөө мекемелери;
  • Үрөнчүлүк чарбалары;
  • Асыл тукум малды көбөйтүү боюнча чарбалары.

Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамекендик товарларды колдогула! Өкмөт дүкөндөргө өзгөчө талап койду
Сыйлыктар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу жана башкаруунун жогорку натыйжалуу системасын киргизгендигине карап ыйгарылат.

Ал өзүн-өзү баалоо жолу (уюмдардын өзүн-өзү баалоосу боюнча анкеталар) жана эксперттик комиссия тарабынан жеринде аныкталмакчы.

Мыкты аталган ишканалар маалыматтык жана жарнамалык материалдарда үч жылдын ичинде "Сапат" сыйлыгынын эмблемасын пайдалануу укугун алышат.

Конкурска катышуу үчүн арыздар ушул жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0