Курс валют в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда доллардын баасы өстү. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн, 10-март күнү, борбор калаада доллардын баасы кескин жогорулады. Чет элдик акчанын курсу түшкө чейин эле 69,80 (сатып алуу) жана 69,90 (сатуу) сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда.

Буга чейин Valuta.kg, Улуттук банк жана нефтетрейдерлердин сайтында Бишкекте евронун баасы өсүп, алтын куймалар арзандаганы кабарланган.

Ошондой эле рублдин дагы баасы түшкөн. Буга нефть рыногундагы кырдаал себеп болду. Тагыраагы, нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК+) келишимдери ишке ашпай, Brent жана WTI үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 30 пайызга түшүп кетти.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:17 10.03.2020

Бүгүн эртең менен евронун курсу 79,15 сом болуп турган, азыр банктарда баа ар кыл — 78,8 сомдон 81,5 сомго чейин болуп жатат.

Сатуунун курсу 80,3 сом болсо, азыр 83-83,5 сомго чейин жогорулады.

18:11 10.03.2020

Москва биржасындагы азыркы абал. Ыңгайлуулук үчүн Бишкек убактысы берилди:

Саат 17.46га карата бир доллар 71,19 рубль;

"Эртеңки" баа — 71,27 рубль.

Төрт сааттын ичинде доллардын баасы 41 тыйынга (копейка — ред.) арзандады.

18:07 10.03.2020

Brent маркасындагы нефтинин баасы 10 пайызга көтөрүлүп, азыр бир баррели 37,87 долларга жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, мунайга болгон баанын төмөндөп кетишинен улам рубль долларга салыштырмалуу арзандап кеткен. Мындан улам Кыргызстанда да долларды баасы көтөрүлө баштады.

17:52 10.03.2020

Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев валютаны ири суммада сатып алуунун кажети жок деген пикирде.

"Баарын, рынокту салмактап карап көрүү керек. Менимче, артка кетет болуш керек", — деди ал.

Абдраев Россиянын Борбордук банкы абалды жумшартуу боюнча чараларды көрүп жатканын жар салды. Мындан тышкары, нефтиге болгон баа көтөрүлө баштаганы айтылды.

17:37 10.03.2020
17:34 10.03.2020
17:24 10.03.2020

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү акча алмаштыруучу жайларында доллар ар кандай баада сатылып жатат. Бир жерде 1 доллар 73,5 сом болсо, дагы бир жерде 74 сомдон сатылууда.

 

17:12 10.03.2020

Кечээ рублдин дагы баасы түшкөн. Буга нефть рыногундагы кырдаал себеп болду. Тагыраагы, нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК+) келишимдери ишке ашпай, Brent жана WTI үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 30 пайызга түшүп кетти.
Рублди сатып алуу 89дан 95 тыйынга (0.934 тыйын) чейин, сатуу 1 сомдон жогору болууда.

 

17:10 10.03.2020

Бүгүн, 10-март күнү, борбор калаада доллардын баасы кескин жогорулады. Чет элдик акчанын курсу түшкө чейин эле 69,80 (сатып алуу) жана 69,90 (сатуу) сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0